БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Кыргызалтын" ишканасы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана 12 миң 780 литр Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди сатып алуу үчүн 447 миң 300 сом сарптоого даяр.
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 28-ноябрда аяктайт.