БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. Тажикстандын Жаза кодексине "улуттун лидерин" каралаган жана мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымдады.
"Улут лидери" деген наам азыркы президент Эмомали Рахмонго берилген. Жаза кодексине Тажикстандын президентин каралаган же мазактаган адам жоопко тартылыш керек деген сунуштар түшкөн. Бул берене боюнча адам беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Аталган жоопкерчиликтин ичине интернет, социалдык тармак жана массалык маалымат каражаттары аркылуу мазактоо кирет.
26-октябрда Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эгемендүү өлкөнүн негиздөөчүсү деген наам ыйгарган. Ошондой эле алар "Дүйнөнүн жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү –улуттун лидери" деген наамды ыйгаруу мыйзамын бир добуштан колдошкон.