Кыргыз интернет айдыңында колбаса азыктарын өндүрүүчү цехтердин дарегине нааразылыктар байма-бай жазылып келет. Чуусу узун азыктан жүн, чач, чымын, атургай, мык, кээде, белгисиз бир заттар да чыккан учурлар бар. Sputnik Кыргызстан аталган эт азыгынан дагы кандай күтүүсүздүктөрдү көрүүгө болорунан кеп салат.
Бишкектик Асел Өмүрбекова редакцияга WhatsApp канал аркылуу ичинен мык чыккан колбасанын сүрөтүн жөнөткөн. Аз жерден аны эки жашар улуу жеп ала жаздаган.
"Адатта уулума бул азыкты жедирбейм. Бирок мейманда болгондуктан, башка балдардын алдында шагын сындырбайын деп уруксат бергем. Оозунан бир кара нерсени алып чыкканында алгач момпосуйдун тышыбы дедим, бирок ал кадимки мык экен. Колбаса саткан дүкөнгө кайрылганыбызда алар өндүрүүчүгө чалышты. Ишкананын өкүлү келип, тек гана дүкөндүн карызын жоюп койду", — дейт окурман.
Өмүрбековага эч кандай жубатуучу пул берилген эмес.
Борбор калаанын дагы бир тургуну Керим Сурабалдиев колбасанын айынан үч күн бою тамакка табити тарткан эмес, азыр да бул азыктардан жийиркенет. Sputnik Кыргызстандын кабарчысына ал колбасанын жарымын жегенден кийин гана андан жүндүн үзүмүн таап, жагымсыз бир жытты сезгендигин айтып берди.
"Бул жеткен шалаакылык. Соцтармактарда комментарий жазгандар эт туурагычка келемиш түшүп калышы ыктымалдыгын айтышты. Мага анын жүнү, бирөөнө буту, дагы башкасына ички бөлүгү туш келгенин элестеткиле. Бул үрөй учурат!" – деп ачууланат Сурабалдиев.
Анын айтымында, ал колбасаны сатып алган дүкөнгө кайрылган, бирок бир жума бою жооп ала алган эмес.
Соцтармактын атын жашырган башка бир колдонуучусу колбасадан белгисиз бир зат таап, чымын деп болжогон.
"Колбасанын жарымынан көбүн жегем, анан эле кыска чач сымал бир нерсени байкап калдым. Чымынга аябай окшош, алтургай мурутчалары да бар экен. Чымын-чиркей ар кандай инфекцияларды ташыйт эмеспи! Колбаса жасалган жай, анда чымын учуп жүргөнүн элестеттим. Азыр колбасаны көргөндө эле көңүлүм айныйт", — деп жазат атын атагысы келбеген бийкеч.
Ал дүкөнгө даттанган эмес, бул азыкты өзү даярдоону өздөштүрүп алган.
Айрым "табылгаларды" таанууга да мүмкүн эмес. Мисалы, Никита Руф колбасадан тапкан нерседен кийин бул азыкты таптакыр жегиси келбей калган.
"Мындай учурлар сейрек эмес. Өзүм ашпозчумун, тааныштардан да сураштыргам. Бул азыкты өндүргөн ишканалардын эч кандай жоопко тартылбаганы кейитет", — деДИ Руф.
Никита Санэпидстанцияга жазган арызынан деле эч кандай жыйынтык чыкпаганын кошумчалады.
Көшөгө артында
"Көптөгөн цехтер күчтүү атаандаштык жана талаптын азайышынан улам жабылууда", —деди бөлүм башчы.
Буга карабастан, Санэпидстанцияга колбаса азыктарына карата даттануулар ай сайын түшөт. Шаардык санэпидкөзөмөлдүн тамактануу бөлүмүнүн башчысы Махаммад Мурзашев керектөөчүлөр жогоруда аталган заттарды эле эмес, курт, кээде аларды тирүү бойдон табышканын айтат.
"Дайым дебейм, бирок кайрылуулар түшүп турат. Бир айда бир-эки ирет. Бул азыктын сапаты, жыты, түсү боюнча даттанышат. Айрыкча, азыктар туура эмес сакталган жайкы маалда даттануулар көп болот", — деп айтып берди Мурзашев Sputnik Кыргызстандын кабарчысы менен болгон маегинде.
Мындай даттануулар болгондо Санэпидстанция дүкөнгө кайрылат. Ал эми текшерүүлөр алдын ала пландалат. Өндүрүш жайларынын абалы, шарты, ошондой эле даярдоонун технологиясы текшерилет.
Адистин пикири
"Көпчүлүгү мунун зарылчылыгы жок, анткени аябагандай кымбат деп ойлошот. Жеке, майда цехтер мындай чыгымды көтөрө албайт, алар адатта көмүскө иш алпарышат. Андай цехтерде стандарттар сакталбашы ыктымал – этти алып келери менен аны иштетүүгө айдашат. Же мисалы, эт салынчу таза табактын үстүнө жумушчулар кир жерден алынган ящиктерди коюп салышы мүмкүн. Дагы ушул сыяктуу көп нерселер бар", — деди Ажибекова.
Ал кошумчалагандай, өндүрүшкө катышкан кызматкерлер атайын окуудан өтүүгө тийиш. Ал эми көзөмөл этти кабыл алуу маалынан тарта, тагыраак, тазалыгы, анан ичеги-карын калдыктары бар-жогу текшерилген кезинен баштап жүргүзүлүшү зарыл.
Азыктан күтүүсүз "табылга" чыкса эмне кылуу керек?
"Биз бардык арыздарды калыстык менен карап чыгабыз. Сатуучуларды да, керектөөчүлөрдү да чакырабыз. Дат арыздардын 90 пайызы канааттандырылат", — деди адис.
Ал эми өндүрүшчүлөргө дооматтар боюнча иш башка: мамлекеттик органдар Экономика министрлигинин уруксаты менен текшерет. Эреже бузуулар аныкталса, айып пул салынат. Калмуратованын айтымында, ишканада бир жыл аралыгында керектөөчүлөрдүн укугу сакталбаган экиден ашык учур катталса, аны таптакыр жаап салууга болот.
Эгер жаранга материалдык жана моралдык зыян келген болсо, бул маселелер соттук тартипте чечилиши кажет.
Укуктарынын бузулушу боюнча жарандар Мамлекеттик антимономолдук агенттикке +996 312 563 305 номуру боюнча кайрыла алышат.
Ошондой эле мындай окуялар, кырсыктар жана жаңылыктар жөнүндө биздин WhatsApp-каналыбызга +996 706 566 544 номуру аркылуу кабарласаңыздар болот.