Москвада Россиянын бир дагы шаарында ачыла элек, балдардын уникалдуу клубу иштейт. Ата-энеси ишке кетип баратып, таштай кетет.
Төмөндө сөз кыла турган өзгөчө жай туурасында Москванын Братеево аймагында жайгашкан көп маданияттуу кыргыз борборунун координатор-администратору Айсулуу Тургумбаева айтып берди.
Бул идея былтыр дал ушул айда алардын оюна келиптир.
"Көп маданияттардын кыргыз борборунда "Аруузат" деп аталган аялдардын клубун ачкан элек. Жолугуп, сүйлөшүп, ар кыл маселелерди талкуулап турчубуз. Бир күнү ушул тема көтөрүлдү. Мага түнү өзү, күндүзү күйөөсү иштеп, баласын үйгө камап кетип жүргөн аял кайрылып калды. Ал баласын кечке тынч отурсун деп планшет берип көндүрүп алып, эми таптакыр эле компьютерден көзүн албай, ал тургай тамакты да жөндөп ичпей калганын айтты. Абалды жөндөө боюнча кеңеш сурады. Ошентип отуруп, кезектеги жыйында Нургүл менен жолугуп калдык да анан ушул балдар борбору ачылды", — деди Тургумбаева.
Балдар борборунун улук педагогу Нургүл Ингишеваны кепке тартканыбызда, ал тарбиялануучулары менен кандай иштерин айтып берди
"Балдар бул жерде эң көп дегенде төрт-беш саат калат. Расмий алганда балдарды мектепке даярдайбыз. Негизи 2-3 жаштан тарта кабыл алабыз. Аларга акыл-ойду өнүктүрө турган көнүгүүлөрдү жасатабыз. Ал эми улуураактары менен олуттуураак иш алып барабыз. Мындан сырткары, орус жана англис тилдерин үйрөнөт", — деди Ингишова.
Айтмакчы, ал өзү англис тили боюнча адис экен. Андыктан, тарбиялануучулар англис тилинде да ырдаганды өздөштүрүп алыптыр.
Ал эми ата-энелер балдардын тамак-ашына болжол менен күнүнө 100 рублдин тегерегинде каражат төлөйт. Ал эми акчалай бере албагандары азык-түлүктөрдү алып келип беришет.
Нургүл үч баланын энеси, бул ишине акча албайт. Ал төрт айдан бери айлыксыз иштеп келе жатат.
"Жолдошум Москвада стоматолог болуп иштей баштады. 10 жылдын мугалимдик иш-тажрыйбам болсо да, дүкөнгө сатуучулукка чыктым. Бир аз өтпөй балдарды карап үйдө эле отурганың оң экен, жетээрлик акча табам деди. Анан бул иш чыкты. Башкысы балдарым менин жанымда", — деди ал.
Анткен менен балдар борбордон сыртка чыгары менен кыргызча сүйлөп башташат. Андан сырткары, үйдө да өз эне тилинде сүйлөшөт деп кошумчалады биздин маектеш.