БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кара-Жыгач токоюнда "Жаш баатыр — 2016" фестивалы өткөрүлөрүн Бишкек мэриясы кабарлашты.
Билдирмеге караганда, фестиваль 30-октябрь күнү саат 11.30да башталат.
"Иш-чаранын максаты жаштарды спортко жана патриоттуулукка чакыруу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө менен экстремизм, радикализм идеяларына каршы туруу болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.
Фестивалдын алкагында спорттун аскерий прикладдык түрлөрү, жеңил атлетикалык кросс, оордук көтөрүү боюнча таймаш, таяк тартыш жана спорттун башка бир катар түрлөрү боюнча беттештер өткөрүлөт.
Иш-чарага жалпы 500 адамдын катышуусу күтүлүүдө.