Мантусов: я, русский парень, веду тои на кыргызском языке
Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып, кыпкыргызча, болгондо да ийине келтире айтты.
Кыргыз тилин суудай билген орус жигит тамадалык кылып, кыргыз тойлорун тейлеп келет.
"Кыргыздарды көргөндө автоматтык түрдө кыргызча сүйлөй баштайм. Кээде эмне деп айтканымды кайталап орусча сурап калышат", — деп каткырып күлдү Мантусов.
Дагы бир көңүл бөлө турган жагдай, бул жигит адабий тилди үйрөнүүгө шымалана билек түрүп киришиптир.