БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өткөн аптада Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чачын, кар жаады.
Sputnik Кыргызстан редакциясы кара алтындын баасына суук кандай таасир эткенин жана аны сатуучулар жагдайдан пайдаланып көтөргөн-көтөрбөгөнүн билип көрдү.
Баалар көрүнөө, көмүскө, айтор, түрдүү болот
Монополияга каршы мамлекеттик башкармалык монополчулардын тизмесине кирүүчү 10 компания үчүн баанын эң жогорку чегин белгилеген. Бирок ал чекене эмес, дүң сатууга гана тиешелүү. Башкача айтканда, өндүрүүчүлөр таш көмүрдү белгиленген баада дүң сатууга милдеттүү.
Эң арзан баа Сүлүктүдө (Баткен облусу), ал жакта БСШ маркасындагы (майда) көмүрдүн тоннасы 789 сом турат. Эң жогорку — 5438 сомдук баадагы БК (бозомтук кесек) көмүр да ошол жактан өндүрүлөт. Бардыгы болуп өлкөнүн төрт облусундагы 11 компания үчүн бааларга чек коюлган.
Атаандаштык жана табигый монополиялар башкармалыгынын жетекчиси Саткыналы Сакебаев айтып бергендей, бааларды көтөрүп жибере турган монополчулар үчүн санкциялар каралган.
"Мыйзам боюнча бааны жогорулатууга жол берилбейт. Эгер андай болсо, анда текшерүү жүргүзүлүп белгиленген баа менен анык баанын ортосундагы айырмадан түшкөн акча толугу менен бюджетке алынат. Башкача айтканда, негизсиз түшкөн киреше мамлекеттик казынага кетет", — деди Сакебаев.
Анын айтымында, базарлар менен ишкананын кампаларындагы баалар айырмаланышы мүмкүн, болгондо да, баштапкы дүң сатылган баадан айырмасы чоң болот, себеби ага ташып жеткирүүгө жана башкага кеткен чыгымдар кошулат.
"Мисалы, БО (бозомтук орточо) маркасындагы көмүрдүн баштапкы дүң баасы 3300 сом, ал эми эл алып жаткан жерлерде ал 6 миңге жетет", — деди Сакебаев.
Көмүргө болгон "элдик" баа
Монополияга каршы мамлекеттик башкармалыктын жетекчиси күндүн суугу баага таасир этпегенин билдирди.
"Жакында мониторинг жүргүздүк. Баалар кескин көтөрүлгөн эмес. Мисалы, Бишкек менен Чүй облусунун отун кампаларында Казакстандын Шабыркөл жана Каражыра шахталарынын көмүрү мурункудай эле 3 миң сом. Кара-Кеченин (Нарын облусу) баасы да өзгөргөн эмес, былтыркыдай эле 3,5 миң сом", — деди Сакебаев.
Кененирээк маалыматты өз мониторингин жүргүзүп туруучу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы берди. Анын маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы Чүй облусу менен Баткенде тоннасы 500 сомго жана Нарында эң төмөнкү чеги 1200 сомго көтөрүлүп кеткен.
Редакция мамлекеттик органдардан тышкары, аймактардагы сатуучуларга да телефон чалып көрдү. Алардан алынган маалыматтар негизинен "Кыргызкөмүрдүн" мониторингине төп келгени менен, айырмачылыктар да бар.
Алсак, Баткен шаарында Сүлүктүнүн көмүрү суук күндөрү 1-1,5 миң сомго кымбаттап, бир тоннасы 7-8 миңге чыккан, Ошко алынып келген көмүр дагы 1000 сомго кымбаттаган. Дегинкиси, түштүк борбордо баалар орто эсеп менен 500 сомго кымбаттаган. Нарын менен Бишкекте 200 сомго, Кара-Балтада 300гө, ал эми Караколдо баалар болжол менен 200-300 сомго өскөн.
Суук жана аз көлөм
Каракол менен Бишкектин сатуучулары баалар сууктан эле эмес, жетишсиздиктен да көтөрүлүп жатканын айтышты.
"Эл көп алып жатат. Бирок Кара-Кечеде өндүрүш кырскарды. Буга чейин ал жактан бир жолу алып келген жүк 100 тоннага жетчү, эми 5-6 тоннадан ашпайт", — деп нааразы болду караколдук сатуучу Бакыт.
"Дефицит жок, ооба, сентябрда кызматкерлер иш таштоого чыгып, компаниянын жетекчилигин алмаштырууну талап кылып жатканда пландан артта калганбыз. Бирок азыр иш үзгүлтүккө учураган жери жок. Өлкөдө миллион тонна өндүрүлдү. Ал эми былтыркы жылдын 1,2-1,3 миллион тонна көрсөткүчүнө жыл аягына чейин жетебиз", — деп белгиледи Жаманбаев.
Көмүр баасынын өсүшү менен мамлекет күрөшө алабы?
Монополияга каршы мамлекеттик башкармалыктын өкүлү Сакебаев айтып бергендей, бийлик кийлигишип, бааны жогорулатууга мыйзам негизинде тыюу сала алат, бирок бул бөтөнчө кырдаалда гана болот.
"Социалдык олуттуу мааниге ээ товарлардын баасы бир ай ичинде 20 жана андан көп пайызга жогорулап кеткен учурда гана экинчи (же кайра сатуучу) рынокту жөнгө салабыз. Ошондо коргоочу чаралар көрүлүп, товарга карата мүмкүн болчу эң жогорку баа белгиленет. Азыр баалар кескин көтөрүлгөн жери жок", — деп чечмелерди Сакебаев.
"Эмнеге өсүп жатат дейсиз? Анкени суроо-талап бар. Жайды-жайлай көмүр жөн эле жаткан. Баасы 2200-2500 сом экенине карабай, аны деги эле эч ким алган эмес", — дейт Бобров.
Анын айтымында, көмүрдү ага суроо-талап аз кезде — жай айларында алуу зарыл.