БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында мал сарай өрттөнүп, ичиндеги жандыктар күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, короонун ичинде 50 түк беде менен бирге беш кой, сегиз коен жана 15 тоок болгон. Кырсыктан улам малдын баары кырылып калган.
ӨКМдин билдиргенине караганда, өрткө электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.