БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Айида Батырбекова. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантабыз. Ал үчүн Мамлекеттик тил комиссиясы жардамга келди.
Ит арка — бир пикирге келишпегендик, ыйкы-тыйкы, чыр-чатак. Мисалы: биз алар менен ит арка болуп кирип-чыгышпай калдык.
Иттин кара капталынан — абдан көп, арбын, мол. Мисалы: акчасы иттин кара капталынан.
Ортон колдой — эң сонун, мыкты, жарамдуу. Мисалы: анын уулу ортон колдой киши болуптур.
Өпкөсүн калбыр кылуу — аябай жалынып-жалбара берүү, өпкө-жүрөгүн чабуу. Мисалы: өпкөсүн калбыр кылып жалынды.
Тиш каккан — токтолгон, бир нерсеге кадик болгон, дасыккан. Мисалы: тиш каккан немелер өзүлөрүн токтоо кармап, олуттуу маселелер жөнүндө гана сүйлөшөт.
Үнүң өчкүр — кулак-мээни жеп, кыйкырып-өкүрүп катуу дабыш салып, тажатып жиберген адамга карата кыжырлануу маанисинде колдонулат. Мисалы: и-ий, үнүң өчкүр.
Ак койдон аңкоо, боз койдон момун — эч нерсени көрбөгөн, билбеген, билүүгө кызыкпаган, билсе да билмексенге салган, куу, митаам. Мисалы: Асан бизге ак койдон аңкоо, боз койдон момун болуп көрүнгөн.
Ак эттүү — тез арыктап кетпеген, этин бир калыпта сактаган, чыдамкай, бышык. Мисалы: ак эттүү мал.
Алабарман — алды артын карабаган шашма. Мисалы: алабарман адамга акыл айтсаң тыңшабайт.
Алагүү — чала мас, кызымтал, анча-мынча кызуу, өтө мас эмес. Мисалы: тойго келбей жатып алакүү болуп калыптыр.
Алеп-желеп болуу — кандайдыр бир кубанычтан, сүйүнүчтөн көңүл эргүү, жүрөгү алып учуу, толкунданып токтоно албоо. Мисалы: бала катты окуп алып алеп-желеп болуп сүйүндү.
Алп ооз — оозуна келген сөздү ылгабай, тергебей сүйлөй берген, оозу менен оттоп коймо. Мисалы: алп ооз Чоюбек дагы кеп кыстарды.