00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?

© AP Photo / Charlie RiedelАргымак. Архив
Аргымак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен кыргыздын байыркы ат оюндары жанданып ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш кызып турган маалы. Жылкыны "лошадь" деп эле түшүнгөндөр "ат" менен "айгырдын" маанисин билбей аң-таң болуп турган кез болсо керек.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik, Айида Батырбекова. Мал жандуу келген кыргыз эли жылкы баласын жанына канат кылып, аны жаш курагына жараша өзүнчө атап келген. Алардын айырмасын "Тибиртке" рубрикасында филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев чечмелеп берди. 

Жабагы — алты айга чейинки жылкы баласы;

Кулун — бир жашка чыга элек жылкы баласы;

Тай — бир жаш;

Кунан — эки жаш; 

Бышты — үч жаш. Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет. 

Асый — төрт жаш. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Эки асый деген "сегиз жаш" дегенди билдирет. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы. 

Бээ — ургаачы жылкы;

Кунан байтал — эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги "кунан" деп эле айтылат;

Бышты байтал — үч жаштагы ургаачы жылкы;

Байтал — эки жаштан кийинки кулундай элек бээ;

Айгыр — тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде "айгырак" деп аталат; 

Ат — бычылган жылкы; 

Азоо — тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат; 

Буудан — жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү; 

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балык жон, баскан изин бычактоо, баш канжыгада. Маанисин билесизби?
Жорго — эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы. Мындан улам эл ичинде "Төрт аягы төп келишкен жорго", "суу төгүлгүс жорго" деген сыпаттоолор айтылып келет;

Аргымак — Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб, ахалтекин жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн аргымак деп аташат. Кыргыз эли аргымакты байыртадан "чапса күлүк, сатса пул" катары асырап келген.

Дулдул — канча чуркаса да чарчап-чаалыкпаган аргымак. Жаны тынбаган адамдарга карата да айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0