БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Федералдык кызматынын "кара тизмесине" кирген жаран досунун паспорту менен кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда кармалганын Чек ара кызматы билдирди.
45 жаштагы жаран Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Россияга кетүүгө аракет кылган. Ал бул кадамын Россияга барып иштеп келүү үчүн жасаганын айткан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилген.