Чындыгында кыргыздар жөнөкөй жана момун эл. Муну Астана шаарындагы "Шанхай" базарындагы эмгек мигранттары дагы бир жолу тастыктады. Аталган базарда эмгектенгендердин дээрлик 70 пайызы кыргыздар. Алар жумушу жок жана акчасын уурдатып ийген кыргызга кандай жардам берүүгө даяр экенин билүү үчүн атайын эксперимент жүргүзүп көрдүм. Жыйынтыгы мен күткөндөн ашып түштү.
Экинчи контейнерге кирсем, жашы 45 чамасындагы аял киши ары карап отуруп алып, тамак жеп жатыптыр. Базарда иштегендер таң атпай ачкарын жумушка келип, базарда тамактанарын жакшы билем. Анткени студенттик кезде базарда иштеген туугандарга кол кабыш кылган күндөр болгон. "Эже, саламатсызбы? Жакында эле келдим Астанага, жумуш бар деген адамды таба албай атам. Акчамды, документтеримди да уурдатып алдым. Кыргыздар жардам берет дегенинен келдим. Кыргызстанга кантип кетеримди билбей турам", — десем, "сен Кыргызстанга кайтпай эле бул жакта иште. Бул жактагы (колу менен оң тарапты жансап) бир кафеде иштеген кыргыз кыздарга барып, менин атымды айтсаң, жумушка алышат", — деп калды. Башка кандай жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин сураганымда, ал дагы товарларын карап ойлонуп калды. Эксперимент жүргүзүп жатканымды айтсам күлүп, "жакшынакай эле кийинген кыз экен, бирок жеңил кийинип алыптыр, калың курткадан бирөөнү берсемби деп ойлонуп жаттым эле", — деди.
Мигранттардын арасында "сүткө оозу күйүп, айранды үйлөп ичкендер" да жок эмес экен. Жашы 45тердеги бир ялдан жардам сураганымда, "эки колуң, бутуң соо экен, иштеп, акча таап, анан Кыргызстанга кет", — деп балп эттирди. Бул эксперимент экенин ачыкка чыгарганымда, "сени аферист деп ойлодум, анткени, сүйлөгөндө жылмайып жаттың. Минтип келгендер көп. Өткөндө бир кыргыз аял балдары менен жардам сурап келген. Эл колунан келген жардамын берип, жол киресин карматып, балдары менен Кыргызстанга кеткен таксилердин бирине отургузуп койгон жеринен качып кетиптир", — деп кейиди.
Мен үчүн бул бир эсе күтүүсүз, бир эсе ич жылыткан көрүнүш болду. "Үйдөн жети кадам узагандан кийин мусапырсың" да. Чет жакта эптеп оокат кылайын деп жүргөн мекендештеримдин соода мурункудай болбой калганына карабастан жардам берейин деген ниети "адамдар бузулду", "пейил кетти" деген сөздөрдү жокко чыгарды. Адамдык пейил, адамгерчилик башкы орунда деген түбөлүктүү принцип кандай гана жашоо болбосун жашай берерине көзүм жетти.