БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде КРдин эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында өтүп, анда Кадыралиевдин 200дөн ашуун эмгеги тартууланат. Мындан сырткары, "Жоомарт" тасмасынын жана эл сүрөтчүсү тууралуу китептин бет ачары болот.
Иш-чара сүрөтчүнүн 70 жаш мааракесине карата уюштурулууда.