БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык теннисчилер Данияр Дулдаев жана Намазбек Дүйшөмбиев Шымкенттеги (Казахстан) Shymkent Open деп аталган турнирге катышышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтында кабарланды.
Беттеш 19-25-сентябрь күндөрү өтмөкчү. 48 теннисчи, алардын ичинде Дулдаев жана Дүйшөмбиев да квалификациялык баскычтан башташат. Кыргыз спортчуларынын атаандаштары ким болору азырынча белгисиз.
Турнирдин байге фонду 10 миң долларды түзөт.