БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунун 56 жаштагы тургуну тамеки тартуудагы этиятсыздыктын айынын "ЗиЛ" үлгүсүндөгү автоунаасы жана 30 бал челеги күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Өрттүн кесепетинен автоунаа ээсинин денеси 40 пайызга күйүп, райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.