БИШКЕК, 14 –сен. — Sputnik. Россиядагы Аргентинанын элчиси Кыргызстандын Соода өндүрүш палатасы аркылуу кыргыз ишкерлерин эл аралык FERINOA көргөзмөсүндө катышууга чакырды. Бул тууралуу аталган палатанын сайтында айтылат.
Иш-чара 2016-жылдын 1-10-октябрь күндөрү Сальта (Аргентина) шаарында өтмөкчү.
Көргөзмөгө Кыргызстандан канча компания катышары азырынча белгисиз.