00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аш-тойдун маалында ашказанды "сактап" калуунун 7 ыкмасы

CC BY 2.0 / Igor Shatokhin / HolidayДасторкон. Архив
Дасторкон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик ресторатор Sputnik Кыргызстан агенттигине азык-түлүктүн сапаттуусун кантип тандап алуу керектигин жана той-топурдан кийин ооруканага жатып калбоонун жолдорун айтып берди.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Күздүн келиши менен кыргызстандыктар той-топурдан колу бошобой, шаан-шөкөттүн гана үстүндө болот. Кээде карынга да, капчыкка да кедергисин тийгизип жиберген мезгил, албетте, кафе-ресторандар үчүн "алтын эле доор". 

Кезектеги тойго барар алдында ресторатор Евгений Тян айтып берген кеп-кеңештен кабардар болуп алыңыз. Кереги тиет.

Тарелкага салынган эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар эл ырыскысын элегенде: той-ашка канча киши чакырууну эл өкүлдөрү чечеби?
1. Аш-той болчу жерге келгенден кийин майрамдык дасторкон үстүндө коюлган тамак-ашка бир көз салып коюңуз. Соустар колдонулуп жасалган тамактарды абайлап жеңиз. Майонез, соя соусу сыяктуу суюк татымалдар бузулуп кеткен азыктарды "жаап-жашырып" коюуга жакшы жардам берет. Ашказаныңыздын камы үчүн дасторкондогу дүр-дүйүмдү даярдоо үчүн кайсы татымалдар колдонулганына бир кызыгып койсоңуз болот.

2. Ашказаныңызга да, өзүңүзгө да жаңылык болчу тамак-аштардан этият болуңуз. Анткени курамындагы азыктарды сиңирип кетишиңиз кыйынга турушу мүмкүн. 

3. Көндүм болгон бешбармактан же аштан өзгөчө даам сезип калсаңыз, аны жебей эле койгонуңуз оң. Мында ашпозчу бузулуп кеткен азыктарды "катып" коюшу толук ыктымал.

4. Ичимдиктин да терс таасири тийип калат. Андыктан куюлуп жаткан идишке — стакан, фужер, ичимдик куюлуп жаткан бөтөлкөнүн тазалыгына көңүл буруу керек. 

5. Швед столуна же фуршетке туш болуп калсаңыз, тааныш тамактардан гана жегениңиз туура. Андан да толгон дүр-дүйүмдүн азгырыгына карабай ашказанга көп оордук келтирбегенге аракет кылыңыз.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда дүңгүрөтө той берген кыргыздар
6. "Баштык" операциясы. Эгер жеп түгөтө албай калганыңызды алып кете турган болсоңуз, официанттан өзүнчө бир идиш алып келип, көзүңүзчө салып берүүсүн өтүнүңүз, же өзүңүз эле ороп алыңыз. Болбосо ашканадан бирөөнүн калган тамагын же жерге түшүп кеткен нерселерди салып берип коюшу толук мүмкүн. 

7. Жеке гигиенаны сактаңыз. Тамак жээрдин алдында кол жууп коюу — эч убакта ашык болбойт. 

Ууланып калганыңызды кантип аныктоо керек?

Дизентерия, сальмонеллез, ич келте, холера жана ичеги-карын инфекциясынын башкы белгилери тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоочу борбордун адистери айтып берди.

Ууланган учурда төмөнкү белгинин бири сөзсүз байкалат:

 

  • ичтин катуу ооруй башташы;
  • жүрөк айлануу, кусуу;
  • ал кетүү, чарчоо;
  • ич өтүү;
  • кара терге түшүү;
  • дене табынын көтөрүлүшү.

 

Ууланганыңыз тастыкталса, өзүңүз доктур боло бербей ооруканага кайрылуу керек. Мунун артыкчылыгы да бар: кесипкөй дарыгерлердин көзөмөлүнөн тышкары, ооруңузду ырастаган документ алып, анын негизинде тамактанган ресторан-кафеден компенсация төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0