БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кытай "Хайи-7000" (Haiyi-7000) деп аталган аппарат – 5751 метр тереңдикке түшө ала турган суу алдында жүрүүчү роботту сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул туурасында РИА Новости South China Morning Post басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Долбоордун илимий кызматкерлеринин бири Юй Цзяньчэн азырынча тереңге кирүүдөн карманып тургандыгын айтты.
Профессор Кытайдын бошотуучу армиясын бул техника кызыктырышы мүмкүн экендигин белгилеп, аппараттын артыкчылыктарына токтолду.
"Хайи-7000" океандын ой-чуңкурунун картасын түзүп, суу кемелеринин кооптуу деген жерлерге кирип кетүүдөн сактайт", — деди Юй Цзяньчэн.
Ал эми дүйнө боюнча эң тереңге түшө турган түзүлүш — америкалык Seaglider деп аталган суу алдында жүрүүчү робот саналат. Ал 6000 метр тереңдикке чейин түшүп, эркин сүзүп жүрө алат.