БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Эртең 2-сентябрь күнү кыймылсыз мүлк менен жер салыгын төлөөнүн акыркы күнү экендиги тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Билдирмеге караганда убагында салык төлөбөгөндөргө эки миң сом айып салынат.
"Мамлекеттик салык кызматы 2-сентябрда турак үй, батир жана жер салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктарын эскертет. Ушуга байланыштуу эки күндүн ичинде салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Төлөмдү аймактык салык органдарынан, банк кассаларынан жана терминалдар аркылуу жүргүзүүгө болот.
Кошумча суроолор жаралса Салык кызматынын маалымат борбору менен 194 номери аркылуу байланышка чыгууга болот.