БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнү өлкөдөгү ири шаарлар Бишкек менен Ошто ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Борбор калаада күн 28…30, ал эми Ош шаарында 30…32 градус ысык болот.
Ал эми башка аймактарда күндүн көзү бузулушу ыктымал.
"Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Баткен, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт", — деп маалымдады Кыргызгидромет.