БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Милиция Чүй облусунун Панфилов районунун тургунун 10 килограмм героин менен кармаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Дүйшөмбү күнү милиция кызматкерлери Панфилов районунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн.
"31 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Анын жанынан 10 килограмм героин табылган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган фактынын негизинде маңзатты мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.