Шаардын мээ чарчаткан ызы-чуусунан арылып, 40 мүнөттүк убакытта зуу коюп ажайып жерге жетип барганга не жетсин. Бүгүнкү күнү Ала-Арча жашообуздун айрып алгыс бөлүгү сымал сезилет. Ал эми 40 жыл мурун көзүбүз көнгөн жолдордун жок экенине ишенбей кетесиң.
Ала-Арчанын 70-80-жылдардагы көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

Улуттук парк Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк тарабында, Бишкектен түштүктү карай 41 чакырым алыстыкта деңиз деңгээлинен 1600-4800 метр бийиктикте жайгашкан. Парктын аянты — 22 чарчы чакырымдан ашат

Бишкектиктер мурун деле бул жакта эс алып келишкен. Өзгөчө жайында боз үйлөр тигилип, эс алуучулардын аягы тыйылчу эмес

Советтик сүрөтчүлөр азыркылардай эле капчыгайды аралап түшкөн тоо суусун тартып калууга аракет кылышкан. Сүрөттө Ала-Арча суусунунун бир куймасы — Ак-Сай

Паркка келгендер ошондо эле кылымдарды карыткан арчаларга суктанып кетишчү. Сүрөттө болжол менен 500-600 жыл өмүр сүргөн бак

Капчыгайдагы шаркыратма да келгендердин көз жоосун алчу. Сүрөт жайында суу кирип турган маалда тартылган

Парк мындан 40-50 жыл мурун эле тоо жана жөө туризмдин көңүл чордонунда турчу

Капчыгайдагы альпинисттик лагерь жыл бою иштеп, үйрөнчүк альпинисттер үчүн мыкты жай болуп келген

Тоого чыгуу алдында топтор машыгуулардан өтүшчү

Бүгүнкү күндө Ала-Арчада альпинисттик машыгуулар төрт жылда бир жолу өтүп турат

Агымы күчтүү шаркыраган тоо суусу ири таштарды да агыза алат