БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаарында жайгашкан америкалык университке кол салуудан каза тапкандардын саны 12ге, ал эми жаракат алгандар 44 адамга чукулдады. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен кабарлады.
Буга чейин кол салуудан 30га жакын адамдын жарадар болгону айтылган.
Өлкөнүн тартип коргоо органынын өкүлүнүн маалыматына караганда, каза болгондордун жетөө студент, экөө полиция жана дагы экөө күзөт кызматкери. Жаракат алгандардын басымдуу бөлүгү — студенттер.
Мындан мурун Афганистандын борбору Кабул шаарында куралданган кишилердин университетке кол салгандыгы маалымдалган. Полиция муну террорчу жалгыздап жасашы мүмкүн деген версияны да айтып жатат. Азырынча бул кандуу окуяны жасагандыгын эч бир террордук уюм мойнуна ала элек.