"Тагдырдын" атасы Макетаев: мүшөктөп келген каттар, кезектеп турган эл…

© Фото / из семейного архива Болота МакетаеваИзвестный журналист КТРК, ведущий авторской передачи "Тагдыр" Болот Макетаев. Архивное фото
Известный журналист КТРК, ведущий авторской передачи Тагдыр Болот Макетаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз телевидениесине өзүнүн "Тагдыр", "Кесип", "Биздин айыл" автордук программалары менен калың журтка таанымал болгон тележурналист Болот Макетаевдин жарыкчылык менен кош айтышканына үч жыл толду.

БИШКЕК, 20-август. — Sputnik. Белгилүү тележурналист Болот Макетаев мындан үч жыл мурда 53 жаш курагында дүйнө менен кош айтышып, сөөгү кичи мекени Кочкор районунун Кум-Дөбө айылына коюлган. 

Макетаев даярдаган программалардын арасынан "Тагдыр" көрсөтүүсү 25 жыл убакытка жакын теледен өчпөй жашады. Бул программага чыккан ар бир адамдын тагдырын жүрөктөн өткөрүп даярдаган маркум Макетаев тууралуу жакын санаалаштарын, досторун, кесиптештерин, уулу Эрмекти эскерип берүүсүн өтүндүк. 

"Өзөндөй турсаң агылып, өлөт деп ойлоп көрбөпмүн…”

Акын, тележурналист Атахан Кожогулов мектепте окуп жүргөндө Болот Макетаевдин "Өспүрүм" деген программасын көрүп жүрүп, тележурналист болууну дегдеп, кыялы ишке ашмак турсун кумири менен ага-инилик бекем мамиледе болгонун айтып берди.

— Экөөбүз бир жерден болгонубуз дагы бул мамилени тереңдетти окшойт. Болот байке баарын жүрөк менен кабыл алган киши болчу. Мага теленин көп сырларын үйрөттү. Ортобузда 10 жаш айырма болгонуна карабай, бат-баттан жолугуп турчубуз, чогуу эс алчубуз. Ага арнап ыр да чыгардым эле.

Жылдыздар жааган кеч менен
Жылдызым түшүп кеч келем.
Калдайып чыга калчудай,
Карааның кайра эскерем.

Ага-ини болдук, өр кечтиң
Алдыда жүрүп төр кездиң
Өзөндөй турсаң агылып,
Өлөт деп ойлоп көрбөпмүн…

Атахан Кожогулов агасындай көргөн Болоттун телегейи тегиз адамдай барпалаңдап жүргөн мүнөзүн баалап, бирок акыркы убакта чөгүп жүргөнүн байкаганын айтты.

© Фото / из семейного архива Болота МакетаеваБолот Макетаев жашынан түйшүккө жакын болгондугун, бирок, кабагым кашым дебей жаркылдаган, ажат ачып, элге жардам берген адам болгондугун айтып келишет
56-летие Болота Макетаева - Sputnik Кыргызстан
Болот Макетаев жашынан түйшүккө жакын болгондугун, бирок, кабагым кашым дебей жаркылдаган, ажат ачып, элге жардам берген адам болгондугун айтып келишет

— Анын бир себеби — жумушундагы мамиле болду окшойт. Бир күнү телевидениеге барса, КТРКнын алдындагы милиция киргизбей коюптур. Бул өмүр бою теледе иштеген кишиге катуу таасир этти. Иштеп көнүп калган жаны жөн деле баргысы келсе керек, коллегаларына жолугайын десе керек… 

Баарыбыз эле популярдуу болдук, бирок Болотчолук эч кимдин даңкы чыккан жок

Макетаевге болгон жумушундагы кысымды убагында "Жаштар" редакциясында бирге иштешкен белгилүү тележурналист Байма Сутенова да агынан жарыла айтып берди.

— Негизи негативде көбүрөөк жүргөн адам өзүн коргой билиши керек. Биз ага көп эле эскерттик. Ал муну майда кеңеш катары кабыл алып койду. Бара-бара өзүнүн руханий дүйнөсү кысыла баштады. Кыйналды… Анын мындай абалын жетекчилик түшүнбөй койду. Ар бир жамаатта, өзгөчө чыгармачыл чүйрөдө бир-эки эрке болот. Алардын кемчилигин, анда-мында “жутуп” койгонун көңүлгө албай, тыныгуу бериш керек. Бир аздан кийин ал өтүп кетет дагы, какыйып саат 8ден 5ке чейин отуруп кеткен кызматкерден жакшы иштеп берет. Жетекчилик аны ушул рамкага такап салды. Биз да "кирпич чыгарчу завод же кийим тигүүчү цех эмеспиз. Токто, өчүр, улант дегидей", — деп көп айттык. Бирок жетекчилик бизди уккан жок. Акыры Болотту жумуштан четтетип коюшту. Ошондо ого бетер өзүн таштап койду. Боору ооруп жүрдү эле, жетекчилик көрсөткөн ыдык оорусунун өрчүшүнө себеп болду. Ошол Макетаевди кетиргендердин өздөрү да кетти. Азыр бири да иштебейт КТРКда.

Байма Сутенова андан тышкары тележурналисттин айтып бүткүс адамдык мыкты сапаттарына токтолду.

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Болот бардык кишиге тең болчу. Табиятынан көкүрөгүндө адилеттик бар эле да. Адатта адам ары жагы таза болсо 50дөн өткөндө абдан жакшы калыптанат. Бетинен нуру жанган, калыс, коюу кишилер бар го, менимче Болот ошондой болмок. Анын түбү таза болчу. Азыр теледе иштеген бир киши ал жөнүндө жаман айтпайт. Себеби, ал баарына бирдей мамиле кылчу. Айрым адамдардай болуп маанайына жараша өзгөрчү эмес. 

Убагында баарыбыз эле популярдуу болдук, бирок Болотчолук эч кимдин даңкы чыккан жок. Болотко келген эл кезекке туруп, редакцияга мүшөктөп келген каттардын өзүнө тийиштүүсүнүн ар бирине эрикпей, баш көтөрбөй жооп жазчу

Бокем каармандарына жакын эле…

Ал эми көп жылдан бери эриш-аркак дос болуп жүргөн кесиптеши Бөлөкбай Шеримбеков Макетаевди ооруп жатканда ден-соолугун сурап бара албай калганына өкүнөрүн айтып, ал адамдарга гана эмес ишине да чын пейили менен мамиле кылган сапатын баса белгилеп буларга токтолду.

© Фото / из семейного архива Болота МакетаеваБолот Макетаев даярдаган программалардын арасынан "Тагдыр" көрсөтүүсү 25 жыл убакытка жакын теледен өчпөй жашады
56-летие Болота Макетаева - Sputnik Кыргызстан
Болот Макетаев даярдаган программалардын арасынан "Тагдыр" көрсөтүүсү 25 жыл убакытка жакын теледен өчпөй жашады

— Бокем экөөбүз иш сапар менен кыдырбаган республиканын булуң-бурчу калбады. Ал кимди тартпасын, эмнени тартпасын ошого сүңгүп кирип кетер эле. Экөөбүз бир курдай Ак-Талаага барып калдык. Эртең менен эле таң атпай 6да туруп атат. Эмне болду десем, күндүн чыгып келатканын тартат элем дейт. Бул ишке берилгендик эмей эмне?! Бир көрсөтүүнү кабарчы, оператор, режиссер, үн режиссеру даярдаш керек го, Бокем ушул төрт кесипти тең тереңден түшүнчү. Анан дагы тарткан каармандарына ушунчалык жакындыгын айт. Ыйласа ыйлап, күлсө күлүп… "Биздин айыл" деген көрсөтүүсү да сонун чыкты. Аталашы да өзүндөй жөнөкөй. Ал эми "Тагдыры" 25 жылга чукул өмүр сүрдү. КМШ өлкөлөрүндө мынчалык узак жашаган көрсөтүү жок менимче. Капалантканы — Бокем кыргыз телесине бараандуу салым кошуп туруп, бир да мамлекеттик сыйлык-наам албай кетти. Болгону биздин тармактык "Кыргыз телевидениесинин отличниги" деген наам алды. Ошону да өмүрүнүн акыркы жылдарында беришти. Кубанганын айтпа.

Бөлөкбай Шеримбеков досунун тамашакөйлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдуновдун эстелиги ачылат
— Эл арасында жүргөндө куйкум сөздөрү менен тартып алчу. Экөөбүз да көп тамашалашчу элек. Мен өзүнө аман болсом "Боорду эзген Болот" деген китеп жазам деп күлүп калчумун. Азыр мен эл арасына барганда Бокемдин жоруктарын, тамашаларын көп айтам. 

Шеримбеков Болот Макетаев "Тагдыр" деген китеп жазганын, ал кендирди кескен акча маселесинен улам чыкпай турганын белгиледи. Бирок маркумду узатууга келген ошондогу жетекчилик китепти чыгарууга убада кылганын, ал убада үч жылдан бери аткарылбаганын айтып кейиди.

Кесиптештери Болот Макетаевдин ар тараптуу адам экенин баары бир ооздон айтышты. Бири эки кабат үйдү өз колу менен эл сала электе салганын айтып устачылыгын белгилесе, бири анын багбанчылык жайын макташты. Обончу, ырчы Бакыт Капаров анын калемине таандык "Жалгыз терек" деген ырын аткарып жүргөнүн айтып өттү.

Көп сыр каткан жалгыз терек

— Болот байке кара сөздүн гана устаты эмес, музыканы да терең түшүнгөн адам эле. Укмуш ырдачу. Мен анын "Жалгыз терек" деген ырын аткарып жүрөм. Ал ырдын аталышы "Сакен терек" экен. Болот байкенин айылында Сакен деген киши отургузган ошол теректин түбүндө көп сырдашуулар өткөн тура. Мен аны "Сакен терек" деп ырдасам элге түшүнүксүз болуп калат деп айрым куплеттерин рифмага тууралап оңдоп чыккам. 

Алдымда көкөлөгөн жалгыз терек,
Карасаң турган өңдүү жашын ченеп.
Жүрөктү болбос жерден зырп-п эттирип,
Оюмду кучагыңа алдың ээлеп,
Жалгыз терек, жалгыз терек…

Экөөбүз жолукканда эле ушул ырды кыйкырып ырдай берчүбүз. Мага "аккордеонуңду көтөрө келчи" деп көп чалчу. Каза болордун алдында барганымда кетирбей койду. Таң атканча сүйлөшүп, ырдап, архив-көрсөтүүлөрүн карап, жаңы жазган китебинин кол жазмасын көрүп отурдук эле…

Атам бизге татыктуу тарбия берди

Болот Макетаевдин уулу Эрмек атасы жөнүндө буларды айтып берди.

Костюм кийген артист. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кедейкан" эпосу жөнүндө алты факты. Кодуланып, кайра багы ачылган дастан
— Аталар балдарын урушуп, кээси кол да көтөрөт эмеспи. Атам урушчу дагы, урчу дагы эмес. Мазмундуу акыл-насааттары менен эле татыктуу тарбиялады. Өзү чыр-чатакка жок болчу. Абдан боорукер эле. Китепти көп окутчу, ырларды жаттатчу. Атамдын калоосу менен кичинемде комузга барып калгам. Атам жакшы ырдачу, азыр мен да достор арасында ырдап калам. Ушул жагым атамды тарткан окшойт деп ойлоп коём. Телевидениеде, иш сапарларында атамды ээрчип көп жүрдүм. Атамдын жарыкка чыгалек 2-3 китебинин кол жазмалары бар, ошолорду чыгарам деген пландарым бар. Каза болгон күнүндө куран окуу үчүн Кочкорго барам. Күмбөзүнө барып учурашып келем…

Жаңылыктар түрмөгү
0