БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы таштандыдан табылган ымыркайдын апасы эмне үчүн мындай кадамга барганы боюнча анын түшүндүрмөсүн таратты.
Буга чейин милиция таштандыдан табылган ымыркай ара төрөлгөнүн билдирген. Эми 22 жаштагы кыз ооруканадан боюнан алдырганы маалым болду.
"Ал күйөөгө тийбей туруп боюнда болуп калгандыктан беш айлык баласын боюнан алдырууну чечкенин айтты. Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн бири кыздын каалоосу менен аборт жасаган", — деп ИИБден билдиришти.
ИИБдин маалыматы боюнча оорукананын кызматкери баланын сөөгүн атайын сактоо жайына эмес, таштандыга таштап салган. Тергөө жүрүп жатат.
КРдеги бойго бүтүүнү пландаштыруу жана аборттор
КРдеги бойго бүтүүнү пландаштыруу жана аборттор