БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы таштанды жайынан жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылганын Ош шаардык ИИБи Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Ымыркайдын сөөгү 10-августта түшкү саат экилер чамасында Байтемиров атындагы көчөдөгү окуу жайлардын жанынан табылган.
Милиция бала ара төрөлгөнүн аныктап, ал ак кездемеге оролгонун ырастады. Баланын апасы кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.