Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:09
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20160811/1028496341.html
Көчмөндөр чагылдырылган почта маркалары чыкты
Көчмөндөр чагылдырылган почта маркалары чыкты
Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарындагы спорттун үч түрүнө арналган 50 сом, 100 сом жана 150 сом номиналындагы маркаларда балбандардын эңиши, көзгө атар мерген жана өрт... 11.08.2016, Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарындагы спорттун үч түрүнө арналган 50 сом, 100 сом жана 150 сом номиналындагы маркаларда балбандардын эңиши, көзгө атар мерген жана өрт жалындаган чабандес чагылдырылган.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) арналган почта маркаларынын сериялары жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгы билдирди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) арналган почта маркалары
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, жакында өтө турган Көчмөндөр оюндарындагы спорттун үч түрүнө арналган 50 сом, 100 сом жана 150 сом номиналындагы маркаларда балбандардын эңиши, көзгө атар мерген жана өрт жалындаган чабандес чагылдырылган.
Жалпысынан 216 миң нуска менен чыккан маркалардын – Виталий Погольша.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынына арналган тематикалык почта маркалары Кыргызстандын "Kyrgyz Eхpress Post" почта бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тартып сатыкка коюла баштады.
Аларды Бүткүл дүйнөлүк почта биримдигинин бардык өлкөлөрүндөгү каттардын жана почта карточкаларынын төлөмдөрүндө колдонсо болот.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.