БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайлардын алдындагы аскер кафедраларын жоюу боюнча мыйзам долбоорго кол койду. Ага ылайык, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан сырткары өлкө аймагындагы аскер кафедралар жоюлду.
Суроолорго КРдин Коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин мобилизациялык башкармалыктын башчысы, аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Сыргак Бодобаев жооп берди.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, учурдагы аскер кафедралары эмне болот? Анда окуп жаткан экинчи курстун студенттери эмне болот?
Учурда окуп жаткан балдар окуусун аяктагыча аскер кафедралары ишин токтотпойт.
Быйыл аскердик кафедрага кабыл алуу болобу же жокпу?
Жок. Быйыл чакыруу болбойт.
Аскер кафедрасынын жоюлушу менен студенттердин тагдыры эмне болот?
Студенттерге чакыруу комиссиясынын чечими менен аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууга уруксат берилет. Окуусун бүткөндөн кийин мөөнөттүү аскердик же болбосо альтернативдик кызматтарына чакырылышат. Ал эми дипломун алгандар 11 ай кызмат өтөп, арыз жазуу менен акыркы бир айын (12-ай) сбордон өтө алат. Ошондон кийин аларга лейтенант чини берилет. Же болбосо альтернативдик кызматтан өтсө болот.
Альтернативдик кызматтын шарттары кандай болот?
Альтернативдик кызмат өтөөгө буга чейин соттолгондор, дин ишеними боюнча колуна курал алууга тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү жана ден-соолугу жарамдуу эместер чакырылат. Ал эми балдары 18 жашка чыга элек көп балалуу үй-бүлөнүн улуусу, ата-энеси I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөнүн багуучусу, үйлөнгөн же балалуу болгондор, ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз балдарына альтернативдик кызмат өтөөгө уруксат берилет.
Аскерде кызмат өтөп келген адамдын жогорку окуу жайга тапшырган соң аскер чини кандай болот?
Аскерде кызмат өтөп келгенде кандай чинде болсо ошол бойдон калат.
Аскер кафедралары кайра ачылышы мүмкүнбү?
Жок. Азырынча ачылат деп айтуу кыйын.
Эмне үчүн КММАда асер кафедрасы жабылбайт?
Доктурлар тынч жашоодо кадимки эле дарыгерлик милдетин аткарса, согуш учурунда аскер дарыгерине айланат. Андыктан аларды жабуу мүмкүн эмес.
Кызмат өтөө убактысы өтүп кеткендер эмне болот?
Биринчи ыкма боюнча 25 миң сом төлөп, 2-даражадагы аскер билетин алса болот. Бирок ал билет менен укук коргоо органдарында иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 50 миң сом төлөп, бир айлык сбордон өткөндөргө 1-даражадагы аскердик билет берилип, алар каалаган мамлекеттик кызматта иштей алат.
Аскердик милдетин өтөбөй, башка өлкөдө мигрант болуп жүргөндөр эмне болот?
Алар эртели-кеч өлкөгө кайтып келет. Ошол күнү дароо жазага тартылат. Же 40 жашка чейин болсо мобилизациялык резерв боюнча милдетинен кутулса болот.
Мамлекеттик коргоо комитетинин аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тыш чыгуусуна тыюу салуу боюнча токтому тууралуу.
Азырынча аталган токтом коомдук талкууга коюлду. Бизде аскердик милдетин өтөй тургандардын тизмеси бар. Ал тизме жыл сайын жаңыланып турат. Ошол тизме чек арачыларга берилет да, алардын мамлекеттен чыгып кетүүсүнө тыюу салынат. Бул деген баарына чектөө кирет дегендик эмес. Эгер аскердик милдетин өтө мөөнөтү узартылса, армияга жараксыз болсо аларга чектөө болбойт. Аталган кадам акыркы күндөрү аскердик милдетин өтөбөй чет жакка чыгып кеткендердин көбөйүүсүнөн улам жасалууда.