БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын кооз жерлерин чагылдырган "Легенда" тасмасы тартылууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" фонду билдирди.
Учурда кинонун көпчүлүк бөлүктөрү тартылып бүтүп калды.
"Тасмада Кыргызстандын бардык тарыхый комплекстери, кооз жерлери көрсөтүлгөн. Сценарий боюнча жаштар өлкөнү кыдырып, көз жоосун алган жерлерге барышат", — деп айтылат маалыматта.
Тасмага Чыңгыз Исмаилов режиссерлук кылса, Данияр Илгиз операторлукту аркалап жатат. Ал эми кинонун монтажын Рахат Жумабеков жасайт.
Фильмдин бюджети 15 миллион сомду түзүп, ал аталган фонддун негиздөөчүсү Самат Ибраев тарабынан каржыланууда.