БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен АКШнын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгилөө боюнча макулдашуу шейшемби күнү КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевдин мамлекеттик катчынын биринчи орун басары Энтони Блинкен менен жолугушуусу учурунда жетишилди.
ТИМдин маалыматы боюнча Абдылдаев Америкага Борбор Азия мамлекеттери жана АКШнын Тышкы иштер ведомстволор жетекчилеринин "С5+1" форматындагы жолугушусууна келген.
"Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнө 25 жыл толду. Бул датаны белгилөөнүн алкагында тийиштүү иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Бисвал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына АКШнын өкүлдөрү да катышарына токтолду. Буга чейин америкалыктар күрөш, ордо жана интеллектуалдык оюндарда күч сынашары айтылган болчу.