БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. КР Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андрей Крутько менен 27-июлда жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар үчүнчү өлкө аркылуу жүктөрдү Россиянын аймагы менен Кыргызстанга ташуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын социалдык-укуктук абалын талкуулашты.
"КР Тышкы иштер министрлиги менен Россиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташууну ишке ашыруу программалары каралды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сентябрь айында Бишкекте боло турган КМШ саммити тууралуу пикир алышты.