БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Азербайжандын Ширван шаарындагы "Араз" курал-жарак заводундагы жарылуудан эки адам каза болгондугун Sputnik Азербайджан агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 26-июль күнү саат 17:30дар чамасында болгон.
"Окуядан эки адам каза болуп, 20 киши жабыркады. Жаракат алгандар шаардагы ооруканаларга жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри ооруканага түшкөндөрдүн абалын өзү көзөмөлдөп жатат.
Учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери улантылып жатканы маалымдалды.