Көздөгү жалын, жүрөктөгү сезим. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган 31-жайкы олимпиадалык оюндарга катышчу спортчуларды кабыл алып, аларга өлкөнүн желегин тапшырды. Үмүт зор, акталса экен… Эмнеси болсо да аман-эсен барып келишсин.
Багыт көрсөткөндөрдүн баннери өрттөлдү. Баткен облусунда "Кайран элим, кайда баратыбыз?" баннерин белгисиз бирөөлөр өрттөп салды. Сыягы көңүлүнө көк таштай эле тийген көрүнөт.
Көпчүлүк күткөн күн. Дүйнө жүзү төрт көздөп карап турган окуя 9-август күнү боло турганы маалымдалды. Тагыраагы, бүтүндөй дүйнөнү дүрбөлөңгө салган эки ажо Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган жолугат. Ушуну менен тынып калышса экен эми…
Ажайып Кыргызстан — атагы аалам жарган Арстанбап токоюна бардыңыз беле? Эгер бара элек болсоңуз, сөзсүз убакыт таап жердеги бейишти өз көзүңүз менен көрүп келиңиз. Ал эми ага чейин бул видеого суктанып турсаңыз болот.
Оюнан ойт берген Текебаев. "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Оңой менен артка чегинбеген Өмүке эмнеге бул кадамга барганын бул макаладан билсеңиз болот.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн дзюдочулар. Кыргызстандык спортчулар дүлөйлөр арасында өткөн дүйнөлүк мелдештен күмүш жана коло медаль менен кайтты. Баракелде жигиттер, билегиңер талыбасын.
Балык менен жыландын урушканын көрдүңүз беле? Мен да көрө элекмин. Келиңиз чогуу көрөлү.
Баса, бүгүн күн 38 градуска чейин ысыйт. Эх, Ысык-Көлдө эс алып жаткандар, мен үчүн да сууга бир чумкуп койгула.
Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.13 (сатып алуу) жана 67.15 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Ойчул ойлонгуча, тобокелчил тоо ашат.
Сиздин амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.