БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы
Алик Мамыркулов өз каалоосу менен кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Өкмөт башчынын башка буйругу менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жетекчи болуп Таалайбек Жапаров дайындалды. Ал буга чейин ЖАМК төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.