— Алгачкы жолу Кыргызстанга келгениңиз эсиңиздеби?
— Кыргызстанга 2015-жылы келгем. Мен аэропорттон түшкөндө кыш мезгили болчу. Карасам, элдин көбү кара-күрөң түстөгү күрмөлөрдү кийип жүрүшөт. Бул жакта көрсө, кышкысын кара өңдөргө басым жасашат турбайбы. А мен тимеле чайыттай болгон кызгылт сары куртка кийип алгам. Ошондо кийимди туура эмес тандап алганымды түшүндүм. Бизде болсо төрт мезгилде тең ачык түстөгү кийимдерди кийишет.
— Кыргызстан тууралуу качан уктуңуз эле, кантип келип калдыңыз?
— Менин таякем Кыргызстанда жети жыл жашап, бизнес менен алектенген. Ал мага өлкө туурасында көп нерсе айтып берген. Эсимде, Кыргызстанга барам десем көбү "ал жакта сага эмне бар" дегенде мен "ал өлкө жөнүндө эч нерсе билбейм, ошондуктан көргүм келет" деп жооп бергем.
— Анан бул жакта кантип калып калдыңыз?
— Кыргызстанга караганда башка өлкөдө бизнесимди жөнгө салсам болмок экен деген ойлор болду беле?
— Эгер акча табуу башкы максатым болсо бизнесимди Кореядан эле иштетмекмин. Мен экономиканын материалдык фанаты эмесмин. Мен өлкөгө салым кошкум келет. Эгерде башка мамлекеттен иштетсем атаандаштар көп болмок. Анда жашоонун кызыкчылыгын сезүү мүмкүн эмес болсо керек. Бул жакта баары жөнөкөй.
— Бутуңуз менен сүрөт тарткан өнөрүңүз бар экен. Каяктан үйрөндүңүз?
— Мен Аргентинанын борбору Буэнос-Айреске барганда тангону өздөштүргөм. Бийлеп жатканымда ички сезимимди, ой-толгоомду элестүү кылыш үчүн экөөнү биргеликте жасайм. Башкача айтканда, бийлеп жатып, сүрөт да тарта берем.
— А эмнеге кол менен тартпайсыз?
— Эгер кол менен тартсам отуруп алып жана бийлеп жатканда эмнелерди ойлодум эле деп баш катырганга туура келмек. Андан көрө бир эле убакта бийлеп дагы сүрөттү түшүрө да берсең эки нерсе дал келип ички сезимиңди башкаларга жеткиликтүү бере аласың.
— Бул сүрөттөрдү кайра эмне кыласыз?
— Чет мамлекетте жүргөндө шоуларды уюшуруп, бүткөндөн кийин картинаны сатып алышчу. Азыр деле көбү сатыкка кетет.
— Биз менен корейлердин кандай окшош жактарын байкай алдыңыз?
— Үй-бүлөнү биринчи орунга койгонубуз көбүрөөк окшош. Бизде дагы туугандар бирин-бири сыйлап урмат көрсөтүшөт. Алар кийинки муундан да ошондой урматты күтүшөт. Туугандарга жардамдашып, балдар ата-энесин багыш керек деген милдеттүү түшүнүк бар. Кореянын борбору Сеулда бир аз башкачараак болушу мүмкүн, бирок корей элинде жалпысынан ушундай. Анан бизде элге уят болбой тырышып иштегенге аракет кылышат. Айланадагылар бири-бирине карап түздөнүшөт.
— "Эл эмне дейт" деген түшүнүкпү?
— Ооба, дал өзү. Маселен, элдин ою сенин оюңдан да маанилүү болуп калат. Мындайда башкалардын пикирин сөзсүз эске алып каласың.
— Силерде мырзалар сөзсүз отуз жашка чыкканда үйлөнүшөт деп коюшат?
— Эгерде менин ата-энем тууралуу айтсам, алар жаш кезинде эле баш кошкон. Азыркы менин курагымдалар окуп, иштеш керек деп жатып кеч үйлөнүшөт.
— Ал жакта көп балалуу да болушпайт дешет?
— Баланы бизде тартиялоо кымбат турат. Анан аял киши сөзсүз иштеши керек. Ал өз алдынча карьера жасаганга тийиштүү. Жубайыңдын үйдө отуруусун кааласаң үйлөнбөй эле койсоң болот. Бизде эркектер үйдө аялга тийиштүү кызматтардан тамак жасап, кир жууп, бала багышат.
— Сизде мырза катары биздин кыздар менен корей кыздарын салыштыруу болобу?
— Кыргыз кыздары келбет жагынан табигый кыздар экени талашсыз. Биздин кыздар пластикалык операцияларды көп жасатышат.
— Баарыбыз үстүртөн билебиз деп коебуз. Сиз айтыңызчы, ал операциялардын кандай зарылчылыгы бар?
— Бул социалдык проблема. Маселен, кыргыздар кымбат машинени же чоң той өткөрүүнү кааласа аны насыя алса да кылышат. Анткени эл эмне дейт деген түшүнүк бар. Ошол сыяктуу эле биздин кыздар акчасына карабай жасатышат. Аларда бизди эл кандай кабыл алат деген бар. Жумушка барганда сырткы келбетине карап алышат, ошол себептен келип чыккан социалдык көйгөй. Анан да бул көрүнүш мыйзам ченемдүү.
— Жашоодо өзүңүзгө кандай талаптарды коесуз?