Күн сайын өтүүчү чогулушубуз жарым саатка созулду. Биз Таба экөөбүз эмнегедир коридорго бир мезгилде чыгып калыптырбыз: мен телефон менен сүйлөшөйүн деп чыккам, ал даартканага баратыптыр. Көздөрүбүз чагылыша түшүп эле ал бийлеп кирбеспи. Мен да кошо бийлей баштадым. Чоңдордун нааразы болгонуна карабай, бийлей бердик. Анан ал дароо токтой калып, бармагын оозуна такап коюп, кабинетти көздөй басты. Өз ордуларыбызга эч нерсе болбогондой кайра келип отуруп калдык.
—Бүгүн "Фейсбукту" карап отуруп, сенин мурдагы шефиңдин жазганын көрдүм. Ал сени башынан эле жумуштун тартибин түшүнгөн да эмес, кабыл алган да эмес деп жазыптыр. Сени менен керек болсо келишим да түзгүлөрү келген эмес экен. Эмнеге?
— Мурда мен үйлөнүү үлпөттөрдү тартып коюп, түшкө чейин уктай берчүмүн. Бешинчи, алтынчы, базар күндөрү иштеп коюп, калган күндөрү бош элем. Бул жерде болсо тартип такыр башка: эртең менен эрте туруп, аппаратура салынган он гилдик рюкзакты күн сайын жонуңа көтөрүп жүрүшүң керек.
— Деги эле кантип сүрөтчү болуп калдың эле? Аппарат сатып алып эле тарта баштадыңбы?
Зергерликти үйрөндүм. Сөйкөсүнүн бирин жоготуп, окшоштуруп жасап бер деген кыздар мага келе баштаган эле. Мен түгөйүн оппокшош кылып жасап койчумун!
— Түшүнүктүү. Анан кантип сүрөтчү болуп калдың?
— Колледжден кийин иши жок бир жыл бекер эле жүрдүм. Ал тургай, ар кандай кошулмаларды, БАКтарды сата баштагам. Элдер чочулап турушчу. Мени баңги сатуучу деп да ойлогондор болгон.
Анан апам мени БГУга күзөтчү кылып орноштуруп койду. Жумуш укмуштай жаман болчу. Коопсуздук кызматында экинчи эч качан иштебейм. Бирөөнү өткөрбөй койсоң, ал сени сөгүп-сагып же даттанып барат. Мен андай кездерде өзүмдү жек көрчүмүн.
— Жашоо сени жакшы эле калчаптыр. Эми айтчы, деги кантип фотограф болуп калдың?
— Университеттин имаратында фотостудия бар эле. Менин кыжырымды келтирген ошол болчу. Себеби сүрөтчүлөр иш-чаралардан түн оогондон кийин келишчү да, мен болсо туруп аларга эшик ачышым керек эле.
Бир жолу алардын чоңу менен таанышып калдым, ал мага сүрөткө тартканды үйрөнүп көр деп сунуштады. Эки айча акысыз иштедим. Баса, башында мен видео тартчумун. Анан биздин сүрөтчү иштен кача баштаганда, аны чыгарып жиберишти. Мен анын ордуна орноштум. Биринчи тартканым жаман болгон жок. Баары ошондон башталды.
— Тарткан сүрөттөрүң заказ берген кишиңе такыр жакпай калган учурлар болду беле?
— Бир жолу досум чалып, бөлөсү үйлөнгөнү жатканын айтты. Ал сүйлөшкөн кызы менен Кара-Балтадан ары жашачу. Алар менен чын дилимден иштедим: кадрлар жаркырактары, атайын эффектилери менен болду.
Сүрөттөрдү көрүп, жигиттин апасы чалкасынан кетсе болобу: кыз-жигиттин сөлөкөттөрүндө көздөрү көрүнбөйт, бир жеринде фокус кыздын эле көздөрүнө жасалып, калгандары даана эмес тартылган деп. Ал турсун, мени каргап да жиберди. Ага сүрөттөр "түз тургула, жылмайгыла, мени карагыла" деген сериядан болуш керек экен.
— Фотограф эң башкысы кандай сапатка ээ болушу керек?
— Чыгармачылык, тапкычтык. Чынында баары сүрөткө тартылып бүткөн! Бардык туруш-турпат, бардык ракурстар. Ошондуктан кандайдыр бир жаңы нерсени баары эле таба албайт.
— Сенин башкалардан айырмаң эмне?
— Мен бөтөнчө бир учурларды, маанайды кармап тартып калганды жакшы көрөм. Мисалы, ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев аз жылмаят экен. Биздин шеф-редактор анын жылмайып турганын тартып келсең, шоколад берем деп убада кылган.
Качан жылмаяр экен деп бир нече саат отурум аңдыдым. Акыры анын жылмаймак түгүл, күлүп жатканын бир нече жолу тартып алдым.
— Анан шоколад алдыңбы?
— Жарым шоколад берип коюшту (Калп айтат, бүтүн эле болчу! — шеф-редактор).
— Көпчүлүк эл аралык маалымат агенттиктеринде фотошопту пайдаланууга тыюу салынган. Чындыкты бурмалоого болбойт дешет. Сен буга кандай карайсың?
— Башында мындай стандарттарга катуу каршы чыккам. Анан моюн сунуп бердим. Дегинкиси, мен сүрөттү бир жолу эле ойдогудай тартканга аракет кылам. Жаман болуп калган сүрөттү фотошоп менен оңдоп отуруш – бул үч жумуш.
— Дүйнөгө атагы чыккандардын баары сүрөткө түшүүнүн эрежелерине баш иет. Алар майда жол-жол кийим кийбейт, себеби чаар-ала болуп калат. Бетине упа сүйкөшөт, себеби сүрөттө жарыктан майланышып жалтырап калат, керектүү тарапка бурулуп туруп беришет. Биздин белгилүү адамдар, саясатчылар, атка минерлер камера менен канчалык иштей алышат?
— Саясатчыларды алалы. Биздикилер сүрөткө түшкөндө чет элдиктерге караганда бир топ кысынып турушат. Сүрөткө тартып жатканын байкашса эле өзүлөрүн эркин кармай алышпай, какайып, алдыңкы партада отурган биринчи класстын окуучусунан да жоош боло түшөт. Мен өткөндө Дмитрий Медведевди тарттым. Ал өзүн аябай эркин кармайт экен. Сүрөткө жакшы түшүү үчүн кайсы капталынан, кандай турушту билгендей, жылмайып да коёт, абдан кызыктуу болду.
Мурунку премьер Темир Сариев сүрөткө түшкөндү жакшы көрөт. Жылмайганда, бирөө менен учурашып жатканда дайыма камерага карачу. Сариев да фотографияны окуса керек деп калам, себеби дайыма жарыкка туура бурулуп турчу.
— А президент Атамбаевчи?
— Ал бир аз кысынгансып турат, бирок анын кол жаңсап, ишарат кылып жатканын кармап тартып калса болот.
—Adme сынагына кантип туш болуп калдың?
— Жөн эле Фейсбукту барактап отуруп ADME PHOTO AWARDS 2016 конкурсу жөнүндө жарыяга көзүм түштү. Ал жерде бир сүрөттү жибергендин баасы 350 рубль деп жазылган экен.
Биринчи мындан чочуладым: акча которуунун жолун табыш керек эле да. Анан мен яндекс-капчык ачып, айлыгымдан миң рубль котордум. Эки сүрөт жөнөттүм да, калган акчага видео-оюн үчүн курал сатып алдым.
— Кичинекей бала шар кармап турган сүрөттү кантип тарттың эле?
— Өткөн жылы энелер күнүндө аянтта чоң концерт уюштурушпады беле. Чогулган эл күтүп турган. Мен сары шарик менен ойноп жаткан баланы көрүп калдым. Биринчи шардын бетиндеги жылмайган сүрөт ары карап турган эле.
Ал мен тарапка бурулганча күтө турууну чечип, фотоаппаратымды даяр кармап он мүнөтчө күттүм. Кокус эле, кудай берди болуп, мага керек жакка бурулуп калды! Аны тартып калганга эки эле секунд бар болчу, андан кийин бала шарикти ылдый түшүрүп кармап алды. Ошол эки көз ирмемде мен төрт кадр тартканга үлгүрдүм.
— Үчүнчү орунду алганыңды билгенде кандай сезимге туш болдуң?
Баарынан мурун бул жөнүндө Sputnik жалпы чатына жаздым. Кесиптештерим, дароо эле жаңылыкты жазып чыгышат деп ойлогом. Жымжырт… Башка тема кетип жатат. Болуптур. Үчүнчү орун биринчи эмес да. Эртеси күнү гана баарына жетти.
— Ой, карасаң, таарынып калганын! Андан көрө, эмне уттуң, ошону айтчы?
— 30 миң рубль, анан грамота. Мурда дагы бир конкурстан гран-при жана фотоаппарат алгам.
— Заказ берүүчүлөр жаныңды койбой жатса керек.
— Бирин-экин сунуш бар. Бирок мен бирөөнүн үйлөнүү тоюн жаман тарткан, эми кантип конкурста жеңип алды деп жазгандарды да окудум. Алар менин биринчи кардарларым болчу, анда сүрөткө тартканды үйрөнүп жүргөм.
— Башкача бир жагдайга кабылдың беле?
— Эки-үч жыл мурун бир фотодолбоорго кыздарды тартып калдым. Моделдерди интернет аркылуу, сүрөттөрүнө карап тандашкан. Бир кыз сүрөтүндө аябай сулуу болгону менен, чынында өз сүрөтүнө анча окшобойт экен. Жөн эле фотошопту үйрөнүп алыптыр да.
Анан калса, ал өзүм эле жакшы боёнгом деп визажист менен иштегенден баш тартып туруп алды. Иши кылып, мен бир кадрды керелден кечке жасалгалап отургам!
— Сен сүрөткө тарткың келген модель кандай болушу керек?
— Биздин кыздар бири-бирине аябай окшош: кийимдери да бир, боёнгону да бирдей. Баары тең трендди карманышат. Түстүү линза модабы? Ар бир эки кыздын бири көзүн куурчактыкындай кылып алат.
Мен үчүн башкысы, сүрөткө түшчү кыз менин тилимди алышы керек. Өзүнүкүн бербей туруп албай, фотографты укканы туура. Чыгармачыл фотосессияларды мен акысыз жасайм, ошон үчүн каяшалыкка, кежирликке жол бербейм.
— Сен ар кандай атайын операцияларды тартпадың беле, мисалы, террористтерди кармаганда. Коркунучтуу болот бекен?
— Чынын айтсам, коркуу сезимим бир жакка житип кетет. Жакыныраак барып тартканды жакшы көрөм. Бирок мындай кылган жаман деп лекцияларда айтышчу. Кооптуу да. Атайын операцияларды тартып жатканда, алдымда гранат жарылып кетиши мүмкүн экенин билсем да, дайыма жакын барганга аракет кылам.
— Бирок милиционерлер окуя болуп жаткан жерди тороп коюшат да!
— Мен бадалды аралап, айланып-тегеренип барчумун.
— Андай жерлерде кан көп болот, кишилер өлөт дегендей. Коркпойсуңбу?
— Террористтердин өлүп жатканын көргөн жокмун, бирок моргдо өлүктөрдү көргөм.
— Ооба, экөөбүз барбадык беле…
— Апам төртүнчү оорукананын реанимациялык бөлүмүндө иштейт. Бир жолу ал менден медайым ийне сайып жатканын конкурска тартып берчи деп сурап калды.
Ийне сая турган киши наркоздон кийин өзүнө келип жатыптыр. Мен ушунча коркуп кеттим дейсиң! Мурда ийнеси кичине экенине карабай, чоң энеме инсулин да сайып бере алчу эмесмин.
А моргдо болсо баарын майда-чүйдөсүнө чейин сүрөткө тарткым келди. Өзүмдөн өзүм да коркуп кеттим. Азыр жөн эле окуу-машыгууларды эмес, чыныгы согуш аракеттерин тартсам сонун болот эле деген ой көп келет.
Мен Пулитцер сыйлыгын кандай сүрөттөр алып жатканына дайыма көз салам. Аларда негизинен кыйналуу, кайгы-муң жана өлүм тартылган. Мага бир сүрөт аябай таасир берди: анда кичинекей арык кыз жөрмөлөп баратат, артында болсо бир жору анын өлүмүн аңдып келе жатат.
— Бул окуя кайгылуу бүткөн да: сүрөттүн авторун баланы куткарып калгандын ордуна сүрөткө тартат деп катуу сынга алышпады беле. Акыры ал сүрөтчү өз жанын өзү кыйган. Анын ордунда сен эмне кылат элең?
— Бир жолу журналист Диля Юсупова мага мындай суроо берди: "Көлмөнү элестет. Ал жакта президент сууга түшүп жатып, чөгө баштады дейли. Сенин колуңда болсо фотоаппарат бар. Сен биринчи эмне кыласың: сүрөткө тартасыңбы же куткарганга аракет кыласыңбы?"
Мен чөгүп бараткан президентти баарынан мурун сүрөткө тартып алып, анан куткармакмын деп жооп бергем. Диля мага мунуң туура эмес, бир да сүрөт адамдын өмүрүнө татыбайт деген. Анын айтканы чын. Мен да өзүмдү кийин кечирмек эмес болушум керек.