БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте октябрь айында КМШга мүчө өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн XI форуму өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан билдиришти.
Форум мамлекеттер аралык Кеңештин жана КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу фондусунун колдоосунда КМШ мамлекеттеринин борборунда салттуу түрдө өткөрүлүп келет.
Аталган форум буга чейин Москва, Астана, Душанбе жана Кишинев шаарларында өткөрүлгөн.