Аталган чыгарма туурасында Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты Курманбек Абакировдун пикирин Sputnik Кыргызстан агенттиги угуп көрдү.
Бүбү Мариямдын "Айкөл Манас" чыгармасын эпос деп айтууга болбойт. Ал 11-12 муун өлчөмүндөгү илгерки Орто Азияда өкүм сүргөн поэзиянын бейт формасына салынган. Мындай чыгарманы аткаруу (ырдап айтуу) мүмкүн эмес. Манас деген өзүнүн аткарылышы менен өзгөчөлөнгөн, таасирдүү чыгарма.
Жамакчылык жана берилген баа. Бул китепти чыгаргандар Сагымбай Орозбаковду "Манасты" бузуп айткан деп жазышкан. Ал эми калгандары жамактап, эптеп айткан дешкен. Ал калгандары дегенде – залкар маначылар Саякбай, Келдибек, Чоюкелер бар. Бул ысымдар "Манас" ааламындагы, илимпоздор, манас таануучулар жогорку баа берген мыкты айтуучулар.
Сюжеттеги алашемдиктер. Манас баатырды кыргыздар эмес, жуңгар калмактар жараткан деген идея айтылган.
Жайсаң ким деген суроо туулганда… Анын Манастын чоросу болгону Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Ал — калмак чоро. Манас жаш кезинде Нескараны талкалаганда, кытайлардын колунда эзилген калмак, монгол, жунгар сыяктуу майда уруулар алгач Жакыпка, андан кийин Манаска келген. Ошентип отуруп, алардын бири Жайсаң Манаска чоро болуп калат. Улуу эпосто Үйшүңдөрдүн Үмөтү, Үмөт уулу Жайсаңы деп айтылат. Ал эми жазма акын Тоголок Молдонун вариантында булар чыгарманын акырында чыккынчы болуп кетет. Чоң казаттан залкар чоролордун далайы өлүп, Чубак жарадар болуп келгенде, Жайсаңдар барып, Чубакты өлтүрөт. Ал персонаждын эпостогу орду жана таржымалы ушундай.
Сюжеттер ар кыл элдин мифтеринен алынган. Сюжеттерде Батма-Зуура баяны, Парватинин баяны, Көөхар көз жамбынын сыры, Күчүгөндүн баяны, Жафар баяны, Эрназар баяны деген окуялар кездешет.
Манасты Ошпур эмес, Наби аттуу киши баккан дешет… Ал эми Бүбү Мариям баш болуп сунуштаган китепте туш-туштан — араб, фарсы, кытай, корей, индус ж.б. элдердин мифологиясынан алынган ар кандай сюжеттерди, мотивдерди, персонаждарды киргизе беришкен. Мисалы, бул жерде Манас алты жашына чейин Наби деген молдодон окуйт. Манастын өзүндө Ошпур деген койчулукка атасы Жакып берет да, ал эс тартканча анын колунда болот. Мариям айткан сюжеттер буга чейинки салттуу манастын биринде да кездешкен эмес.
Чыгарма Манас деп аталганы менен Жайсаң даңкталат. Бул чыгарма Манас эмес, анын чоросу Жайсаң жөнүндө, аны даңазалоо максаты менен жазылган. Анда Жайсаң —укмуштуудай акылман, саясатчы, дипломат, архитектор, медик, философ, акын жана манасчы. Чыгармада Манастын эл баатыры, "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган" эч кандай көрүнөрлүк орду жана ролу жок. Бул жерде Манас – коркок, ыйлаак анан зөөкүр катары берилген, баатырдык белги жок.
Эпос катары изилдөө предмети боло алабы? Бул китепти Жайсаң туурасында кайсы бир авторлордун тобу тарабынан жазылган чыгарма катары сөзгө алса болот. Ал эми аны "Манас" эпосу катары кеп кылууга такыр болбойт. Мында бирдиктүү сюжет жок. Бир окуя баяндалып келе жатып, башка өңүткө өтүп кетет. "Чоң казат" менен "Көкөтөйдүн" ашын негиз кылып алышкан. Бул жерде Сагымбайдын вариантынын өзөгүн табууга болот. Жыйынтыктап айтканда, эпос катары изилдөө предмети боло ала турган чыгарма эмес.