— Эмгек өргүүсүндөмүн деп айтып калдыңыз, эс алуу кандай өтүп жатат? Эфирге чыгып орчундуу программаларды алып барып жатып деле тажасаңыз керек?
— Быйыл канчанчы жайыңызды тосуп жатасыз?
— Азыр отуз бешинчи жайды тосуп жатам.
— Журналистикага кантип аралашып калдыңыз, азыр анализдеп отуруп кесипти туура тандадым деп ойлойсузбу?
— Бул кесипти тандап калуума каалоо дагы, кокустук дагы себеп болгон. Караколдогу окуу жайды кыргыз филологиясы боюнча бүттүк. Андан кийин бул жаатта илимпоз, мугалим же журналист болуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Борборго келгенде журналистикалык кесипти алып кетсе болот экен деген ой менен БГУнун журналистика факультетине тапшырдым. Ал жерден деле журналистикага аралышып кыйратып бир иш кылган жокпуз. Студенттик кез биздин учурда ушундай болуп калды жан багып, батирдин акчасын төлөп окуш керек эле. 4-курсту бүтүп жатканда Байма Сутенова эже бизге сабак берип калды, сүйлөшүп отурсак үнүң радиого жарайт экен, келип практикадан өтүп көр деп чакырды. Ошентип бир жыл радиодо иштегенден кийин "Ала-Тоо" маалымат программасына которсокпу деп жүрүштү. Бирок 21 жашта болгондуктан "Замана" студиясына жиберишти. Ал жакта эки жыл жүрүп кел деген менен алты жыл иштедим. Кийин жумуштун зарылчылыгынан эмес Замананын редакциясында түзүлүп калган кырдаалга байланыштуу кетүүгө мажбур болдум. Көп программаларда редактор, алып баруучу, кабарчы болуп жүрүп азыркыдай ири саясий программалардын деңгээлине көтөрүлдүм.
— Тажрыйбалуу журналист деле эфир учурунда күтүлбөгөн кырдаалдарга туш келсе керек?
— Дебат учурунда саясатчылар менен маектешип отурганда алар бири-бирине сөз ыргытып, сөз астына сөз катып сүйлөгөн кишилер да, түз эфирдин жүрүшүндө алар жанындагы кишилердин сөзүн угат дагы кимге эмне деп жооп берүүгө камданышат. Мен жети кишиге тең суроосун берип, жоопторун угуп анализ кылышым керек. Анан топтоп алган маалыматымдын баардыгы мээмде аралашып турат. Ошол учурда сүйлөшүп жаткандар өз сөзүндө мага да тийишип кетишет, башкаларга да тийише сүйлөгөнүн кээде кармай албай каласың. Анан дебат бүткөндө "туй ата жана ушинткен турбайбы" деп ойлойсуң. Бир жолу дебатта Чыныбай Турсунбеков болуп экономика жөнүндө сөз кылып жатабыз, анан мен ал жаатта атагы чыккан теоретиктин сөздөрүнөн мисал кылып сүйлөп жатам, анын дагы бир оппоненти теорияга салып сүйлөп жатыптыр. Анан оппозициялык маанайда сын айтып КСДП аябай тийишип калды, Чыныбай мырза болсо "теоретиктер эмне дейт экенин билбейм бирок практикада мындай…" деди. Анан ал киши оппонентине айтып жатканын байкабай калып, сөз кылып жаткан теоретик баланча деп айтсам, ал киши турмушта мындай болуп жатпайбы деди. Ошентип программа бүттү анан эл тарап жатканда мээме ошол шак этти. Мен ошол жерден сөздү бөлбөй койсом талаш күчөмөк, көрсө байкабай эле бөлүп алыптырмын. Ушундай жагдайлар болот. Бир жолу кулакка таккан аудио суфлер угулбай калганда иштебей жатат деп кулагымды көрсөткөндө ошол экранга кетип калыптыр, эл "эфирден эмне кулагыңды чукуп атасың" деп бир күлүшкөн.
— Программа даярдалып жаткан учурда сизден суроолорун алдын ала билип даярдангысы келгендер болобу?
— Эфир учурунда деле саясатчыларыбыз кер-мур айтышып, мушташканга аз эле калат. Программа бүткөндөн кийин жулмалашып кетишпейби?
— Дебаттар бүткөндөн кийин бир аз убакыт айтышып кеткендер болот. Алар эл көзүндө жүргөн кишилер да, ашыкча сөзгө алдырып мушташып кетпейт. Дипломатиялык ыкма менен сүйлөшүшөт. Мурад "Ой-ордо" программмасын алып барып жүргөндө бүткөндөн кийин урушуп кетишчү. Анда көрүнүктүү эле саясатчы киши мамлекеттик органда иштеген адамга акарат айта коюп, экөө 15 мүнөттөй катуу айтыштан. Биз койгула деп ортосуна түшүп, жан сакчыларын чакыртсак да болушкан жок. Мен ошондо күнөө ким тараптан кеткенин билгем, ошол себептен ал кишини экинчи чакырбайбыз.
— Аткаминерлер сиздин көңүлдү алып, белек-бечкектерин тартуулагандар болобу?
— Кызматтык абалыңыздан пайдаланган учурлар болобу?
— Өтүнүч кылган учурлар болот. Биз бирок баланчаны кызматка коюп кой дегенге жетпейбиз. Мисалы ооруканага таанышың дарыгерге жолуга албай жатса, чалып жардам берип коюңузчу десең өтүнүчтү кабыл алышат. Бирок анын кесепети эфирге тийбеши керек. Баарыбыз эле бирдей адамбыз, кээде ушундай шашылыш болуп калат.
— Сиз кайсы саясатчыны баалап анын ишмердүүлүгүнө баа бересиз?
— Айтпай эле койсом туура болот го. Эфирге чыкканда билинип калат да.
— Кийинки муундагы өзүңүзгө окшош алып баруучуларды байкайсызбы?
— Айтып калышат суроо бергени, сүйлөгөнү, кыймыл аракети сеникине окшоп калыптыр деп. Бирок мен шумдук болуп баары менден үйрөнүп жатышат дегенден алысмын. Ар бир алып баруучунун өзгөчөлүгү бар. Азыр менден бир-эки жигит келип кеп-кеңеш алып турушат.
— Кесиптештериңиздин арасында сизге атаандаштар барбы?
— Ачык түрдө атаандаштар жок. Бирок "эмне үчүн эфирге Касымалиев чыга берет андан башка жокпу, бул алып барган программаны мен деле алып барып коем" дегендер бар. Атаандашып бири-бириңен озуп кетүү иштегенге күч гана берсе керек.
— Журналистикада дагы канча убакыт болоюн деген оюңуз бар?
— Эгерде дайыма окуялардын чордонунда жүрөм десең өмүр боюу иштей турган кесип. Окуяга анализ берип жазма журналист болсоң дагы болот. Эми өмүр бою эфирди берип койбосо керек. Ойлор, пландар көп, буюрса көрөбүз.
— КТРКдагы журналисттен башка дагы эмне менен алектенесиз?
— Махмуд Кашкары атындагы Чыгыш Университетинде студенттерге сабак берем. Азыр бизде кызматтык дисциплина деген күчтүү тогузда келип кечки алтыда кетип мыйзам боюнча иштеп калганбыз. Андан сырткары мамлекеттик иш-чараларды, чыгармачылык кечелерди алып барам. Бизде кызматтык чектөө бар бүгүн дебатты алып барып эртеси той алып барган туура эмес.
— Байкасаңыз керек, журналистикада кыздар ийгиликтүү карьера жасайм десе үй- бүлөдөн айрым учурда баш тартканга туура келет. Мындан улам журналистика көбүнчө мырзалардыкы десек туура болобу?
— Алдыда сиз аткара турчу кандай маанилүү иш күтүп турат?
— Алдыда мен алып бара турчу саясий программалар көп. Маанилүү иштерден көчмөндөр оюнун белгилеп койсок болот. Мурдагысын кесиптештим Шайырбек Арапов алып барса, ушул жолкусун уюштуруу иштери башталгандан кийин айтылган сөз боюнча буюрса түз эфирдин кыргызча берүүсүнүн жоопкерчилиги мага жүктөлдү. Жанымдагы өнөктөшүм Светлана Акматалиева болот.