БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук кураманын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков канттык " Абдыш-Ата" клубуна кайтып келди. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.
Мусабеков өткөн сезондун мыкты оюнчусу аталып, топ-лигадагы 15 оюнда беш ирет гол киргизген. Андан соң оюнчу молдованын "Академия" клубуна которулган.