БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту бензин ташуучу унаа сатып алуу үчүн тендер жарыялагандыгы тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка караганда бензин ташуучу унаанын баасы кошумча нарк салыгы менен жеткирүү кызматын эске алганда 4 миллион 200 миң сомго бааланган.
Тендер 18-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 8-августунда аяктайт.