БИШКЕК, 12-июль. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө үч күн газ болбойт деп билдирди "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы.
Маалыматта Элебесов, Зеленая, Колхоз, Кыргыз көчөлөрүндө, андан сырткары Завод, Коллектор, Белинский, Бухара, Сары-Челек чолок көчөлөрүнүн тилкелеринде, Төмөнкү Ала-Арча, Красный Строитель айылдарына жакын жайгашкан Логвиненко, Биринчи Май көчөлөрүндө көгүлтүр от өчөт.
Ал эми газ ГЭС-2, Аламүдүн райондорунун, Чоң Чүй каналы, Жогорку Ат-Башы каналдарынын бир катар аймактарында эки күн болбойт.
"Газпром Кыргызстан" ишканасы өчүрүүлөр оңдоп-түзөө иштеринен улам болуп жаткандыгын билдирди.