00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как отмена моратория на проверки скажется на бизнесе?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:57
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
3 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга жылга чейин канча батир курат?
13:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как встречают Нооруз в разных странах и откуда он берет начало?
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык билим берүү программасына айрым предметтердин окуу программасы ушул жылы толук даяр болот
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кыргызские традиции: что сохранилось, что изменилось, а что забыто?
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Каза болгондон кийин унутта калган легендарлуу актёр Насыр Кытаев
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Миграция и деньги: сколько кыргызстанцы зарабатывают в России и вернутся ли они домой?
18:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Нооруз по-кыргызски: что ели кочевники в день весеннего равноденствия?
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык билим берүү программасына айрым предметтердин окуу программасы ушул жылы толук даяр болот
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Түркиядагы терактыдан бир кандашыбыз каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник Константина Юдахина на Аллее Молодежи у Национального университета. Архивное фото
Памятник Константина Юдахина на Аллее Молодежи у Национального университета. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, замандаш! Бүгүн күнгө дүйшөмбү. Футбол күйөрмандарынын моокуму канып, айрымдары ыза болушту окшойт.

Оле-ее, оле-ее, оле-ее Португалия чемпион! Түндө Футбол боюнча Европа чемпионатынын финалы аяктап, анда Португалия менен Франция командалары беттешти. Португалиянын күйөрмандары бул оюндагы жеңишти кудайдан миң мертеде суранып, аябай жалынышты окшойт. Андай кылганга да себеп бар эле, себеби Португалия футбол боюнча Европа чемпионатын бир да жолу утуп көргөн эмес, анан калса буга чейинки мелдештерде Францияга 41 жылдан бери утулуп келген. Ошентип тараза ташы Португалияга ооп, оюн 1:0 эсебинде аяктады.

© REUTERS / Michael Dalder Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Финал. Матч Португалия - Франция
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Финал. Матч Португалия - Франция - Sputnik Кыргызстан
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Финал. Матч Португалия - Франция

Кырсык каш кабактын ортосунда. Бишкектеги бассейндердин бирине кулап кеткен 7 жаштагы бала оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, өзүнө келе элек. Атасы менен бассейнге келип, сууга түшүү үчүн жабдыктарды тапшырганы кеткенде баласы бассейнге кулап кеткен. Андыктан ысыктын күнү бассейнге, көлмөгө барганда балдарга көз салып, аларды жакшы карайлычы, калайык!

Меркелден мээрим күткөндөр. Ушул жумада Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга келери күтүлүп жатат. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өздөрүнүн арыз-мунуң айтып калалы деген Журналисттерди коргоо комитети бейөкмөт Азимжан Аскаровдун бошотулушуна көмөк көрсөтүүнү суранып жиберишти. Азимжан Аскаров 2010-жылы улут аралык чыр тутантууга айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Сулайманов аттуу милиция кызматкеринин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө катыштышы бар делинип келет.

Туристтерди кучак толо гүл менен тосуп чыгышып… Россия менен Түркиянын мамилеси оңолгондон тарта Антальяга орус туристтеринин алгачкылары Москва — Анталья каттамы менен келишти. Туристтердин көңүлүн кучак толо гүл менен аэропорттон тосуп алган түрк туугандар бурду. Бир-бирибизге кыр көрсөтпөй жай турмушта, ушинтип гүл беришип, көңүлдү көтөрүп жүргөнгө не жетсин.

Терроризмге жол жок, терактыдан бир кандашыбыз көз жумду. Бир четинен Түркия туристтерди гүл менен тосуп алып жатса, өлкөнүн Ван аймагындагы аскер пунктуна жакын жерде жарылуучу зат толтурулган автоунаа жарылып бир аз көтөрүлгөн маанайлары түштү. Маалыматтарга караганда, ал жердеги кандашыбыз, бир кыргыз курман болду. Дүйнө терроризмди канчалык сындап, аны жектегени менен адам өмүрүн алган жардыруулардын арты токтобой келет…

Кайтадан Кыргызстандын паспорту, уф-фф… Акыркы убактарда Сирияга барып согушкерлердин катарында согушууну эңсеп, бул өлкөгө чыгып кетүүнү каалагандардын жанынан Кыргызстандын паспорту чыгып жатат. Бул ирет Сирияга аттанган казак баурлардын жанынан КРдын паспорту табылды. Албетте бул көрүнүш өлкөнүн аброюна шек келтире турган иш. Ушундан улам Кыргызстандын паспортунун кол жоолу болуп калганбы деген жаман ойго айласыз жетеленесиң. "Паспорт жагын тейлеген бай болгур орган, каякты карап отурасың" деп кыйкыргың келет…

© Sputnik / Жоомарт УраимовИнтервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой

"Түрү суук" кыз менен таанышыңыз. Кыргыздын кыздары чынында сулуу жана ажарлуу. "Аялдын чачы узун болгону менен акылы кыска" деп мурдатан айтылып келген сөз биздин кымча бел кыздарга тийиштиги жок деп айтсак да болот. Сүйлөсө тилинен чаң чыгып, башкаларды арт чабым артта калтырган алып баруучу Назира Айтбекованы учурунда"түрү суук кемпирге" окшоштургандар кимдер экенин бул жактан окуңуз.

Ажалын букадан тапты. Ушул испаниялыктардын букаларды аренага чыгарып алып, ага кызыл чүпүрөктү сүздүрттүп ойногон оюнун барыңар эле билсеңер керек. Коррида деп аталган бул оюн өзүнүн күтүлбөгөн окуялары менен абдан кызыктуу. Бирок, кырсык айттырбай келет эмеспи. Дал ушул коррида учурунда бир тореадорду бука челип өлтүрдү. Эмне дейбиз, ыйманы саламат болсун!

Туристтерди босогодон тосуп алып, төргө чейин коштоп барабыз. Россиялык туристтер Токмокко жакын жерден тонолгондон баштап, туристтерге болгон меймандостук жана алардын коопсуздугуна кам көрүү өкмөттүн деңгээлине чейин көтөрүлдү. Мындан ары эми Бишкек — Балыкчы жолунда туристтердин коопсуздугун милициянын атайын көчмө тобу камсыздайт. "Сактыкта кордук жок" дегендей туристтерге карата көрүлгөн бул чаралар жакшы саамалык. Эшигин көрүп төрүнө өт деген сөз кыргызда бекеринен айтылбаса керек да.

Валюта баасы. Бүгүн Улуттук банк сомдун долларга карата болгон орточо курсу 67.29 сом деп белгиледи.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Башталган иш күнүн ийгилик коштосун. Көз коркок, кол баатыр эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0