00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:04
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:00
4 мин
Стимул
Өлкөдөгү мыкты стартаптардын бири "Гидропоника" долбоору кантип түптөлгөн?
15:04
42 мин
On air
15:57
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
17:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөдөгү кант өндүргөн эки заводду модернизациялоого 25 миллион доллар бөлөт. Бул туурасында аталган фондудан билдиришти.Заводдор модернизацияланган соң анын чийки затты сатып алуунун көлөмү көбөйүп, өлкөнүн кумшекерге муктаждыгын жаба алат. "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" кант заводдору — 100 миңден ашык адам иштеген ири жайлар. Аталган заводдорго 3500гө жакын фермердик чарбалар өздөрү өстүргөн продукциясын өткөрөт. Кыргызстандын кумшекер өндүрүү тармагы көп убакыт бою өнүкпөй, тескерисинче, артка кеткен. Анын кайра бутуна туруу мезгили 2016-2017-жылдарга туура келет. Бул РКӨФтүн колдоосу менен ишке ашкан. Анда фонд эки заводго 16 миллион доллардан акча бөлгөн.**Бишкектеги “Евразия” маданий-эс алуу паркында кышкы сезон ачылды. Анын алкагында 35 метрлик балаты салтанаттуу түрдө жандырылды. Андан сырткары паркта муз аянтчасы, аттракциондор, цирк өнөрү, “Түндүк жарыгы” жарманкеси, майрамдык шоулар жана ондогон фотозоналар ишке кирди. "Евразия" паркынын директору Вячеслав Шариков парк буга чейин эле шаардыктардын сүйүктүү жайына айланганын белгиледи. Ачылгандан бери болжол менен жарым миллионго жакын адам келип кеткен. Мындан тышкары, боз үйдө конокторду салттуу маданияттын элементтери менен тааныштырган "Улуттук салт-санаалар" программасы иштейт.Кышкы программа 11-январга чейин уланат. Паркка кирүү акысыз.
Турмуш жүз жылдан бери ар бир аракеттин каршы нерсеси болорун далилдеп келген. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыштын РФке каршы санкцияларына комментарий берип жатып билдирди. “Турмуш кылымдар бою ар бир аракеттин каршы нерсеси болорун далай жолу далилдеген. Бул — физиканын да, саясаттын да, дипломатиянын да мыйзамдары”, — деген ал “Россия — Африка” өнөктөштүк форумунун министрлер конференциясынын жыйынтыгында. “Россия — Африка” өнөктөштүк форуму 2019-жылы түзүлгөн. Анын алкагында 2019-жылы Сочиде жана 2023-жылы Санкт-Петербургда эки саммит өтүп, 2024-жылдын ноябрында министрлик конференция болгон.
Владимир Зеленский Украина 800 миң кишилик армияны кармап турууга кудурети жетпей турганын моюндады. Бул тууралуу РИА Новости украиналык "Новости.LIVE" телеканалына таянып жазды. “Каражат тартыш, армияны кармап турууга алыбыз жетпейт. Мен ошондуктан өлкө лидерлери менен сүйлөшүп, коопсуздугубуз үчүн армиябызды жарым-жартылай өнөктөштөр аркылуу каржылоону карап жатам”, — деген Зеленский. Буга чейин New York Times гезити Евробиримдик менен АКШнын өкүлдөрү Киевдин коопсуздугунун кепилдиги боюнча эки документти макулдашканын жазган. Анда европалык күчтөрдү Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралганы айтылган. Бул украин армиясынын санын тынчтык мезгилдеги деңгээлине чейин, тагыраагы, 800 миң адамга чейин кыскартуу, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдыгын жана техникасынын заманбап деңгээлин сактап калуу дегенди түшүндүрөт. Буга чейин Washington Post басылмасы документке шилтеме берип, европалык аткаминерлер Украинанын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жана аймактардан баш тарттырган шарттарга каршы болгон сунуштарын иштеп чыкканын билдирген. ЖМКнын айтымында, Европа Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын АКШ сунуштаган 600 миң эмес, 800 миң кишилик кылып калтырууну сунуштоодо.
Жаңылыктар түрмөгү
0