https://sputnik.kg/20251221/1098747009.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Үрүмчү шаарында кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда курулуш материалдары жаатында түз байланыштарды түзүүгө багытталган иш-чара өттү. Экономика жана... 21.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-21T14:59+0600
2025-12-21T14:59+0600
2025-12-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/15/1098746843_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aeb8df8cae59b1b488d60ed47a8efdbd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Үрүмчү шаарында кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда курулуш материалдары жаатында түз байланыштарды түзүүгө багытталган иш-чара өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлчүлүгү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте уюштурду. Иш-чарага түз жеткирүү каналдарын түзүүгө жана колдонулган материалдардын сапатын жогорулатууга кызыкдар болгон 30дан ашык ири кыргыз курулуш жана өнүктүрүү компанияларынын өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан иш-чарага Үрүмчү шаарынан 70тен ашык курулуш материалдарын жана комплекстөөчү тетиктерди өндүрүүчүлөр катышты. Иш-чаранын максаты түз диалог үчүн эффективдүү аянтча түзүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, техникалык мүнөздөмөлөрдү, стандарттарды жана логистикалык схемаларды талкуулоо болду. Эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү Кыргызстандын курулуш тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана технологиялык жаңыланууга өбөлгө түзүүгө багытталган.
2025-жылы ички иштер органдарына 600дөн ашык заманбап кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды, бул коомдук коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзөт. Унаалардын катарында JAC, JEEP, BMW, Lexus, Toyota, Chevrolet Cobalt, Hyundai, KIA, Changan, Lixiang, "ГАЗ Соболь", "Лада Нива Легенда" сыяктуу дүйнөлүк жана ата-мекендик бренддердеги унаалар, ошондой эле күжүрмөн техникалар, мотоциклдер бар. Белгиленгендей, бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук бөлүктөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына ырааттуу түрдө бөлүштүрүлдү.
Соңку эки суткадагы рейд маалында Бишкекте жол эрежелерин бузган 723 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкармалыгынан кабарлашты. Рейд коомдук тартипти сактоо жана жолдогу кырсыктарды алдын алуу максатында жүргөн. Анда унааны керектүү документтери жок башкарып бараткан 100 айдоочу жана мас абалында рулга отурган 70 киши кармалган. Патрулдук милиция кыргызстандыктарды жол эрежелерин сактоого чакырды.
Евробиримдикте Россиянын активдери бөгөттөөдөн чыгарылып, кайра РФке кайтарылышын эч ким каалабайт. Бул тууралуу Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер биримдиктин саммити жыйынтыкталгандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчынын айтымында, ал каражаттарды Украинага келтирилген зыяндын ордун толуктоо үчүн колдонуну көздөп турушат.Мурдараак Politico гезити Евробиримдиктин россиялык активдерди конфискациялоо идеясына каршы чыккан де Вевер блоктун тарыхында жаңы драмалык бөлүктү баштаганын жазган.Белгилей кетсек, Европа комиссиясы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн Россиянын активдерин Киев үчүн колдонууга макулдук алууга аракет жасаган. Анда кеп насыя түрүндөгү 185 миллиард евродон 210 миллиард еврого чейинки сумма тууралуу болгон.
Үрүмчү шаарында кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда курулуш материалдары жаатында түз байланыштарды түзүүгө багытталган иш-чара өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлчүлүгү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте уюштурду. Иш-чарага түз жеткирүү каналдарын түзүүгө жана колдонулган материалдардын сапатын жогорулатууга кызыкдар болгон 30дан ашык ири кыргыз курулуш жана өнүктүрүү компанияларынын өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан иш-чарага Үрүмчү шаарынан 70тен ашык курулуш материалдарын жана комплекстөөчү тетиктерди өндүрүүчүлөр катышты. Иш-чаранын максаты түз диалог үчүн эффективдүү аянтча түзүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, техникалык мүнөздөмөлөрдү, стандарттарды жана логистикалык схемаларды талкуулоо болду. Эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү Кыргызстандын курулуш тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана технологиялык жаңыланууга өбөлгө түзүүгө багытталган.2025-жылы ички иштер органдарына 600дөн ашык заманбап кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды, бул коомдук коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзөт. Унаалардын катарында JAC, JEEP, BMW, Lexus, Toyota, Chevrolet Cobalt, Hyundai, KIA, Changan, Lixiang, "ГАЗ Соболь", "Лада Нива Легенда" сыяктуу дүйнөлүк жана ата-мекендик бренддердеги унаалар, ошондой эле күжүрмөн техникалар, мотоциклдер бар. Белгиленгендей, бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук бөлүктөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына ырааттуу түрдө бөлүштүрүлдү.Соңку эки суткадагы рейд маалында Бишкекте жол эрежелерин бузган 723 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкармалыгынан кабарлашты. Рейд коомдук тартипти сактоо жана жолдогу кырсыктарды алдын алуу максатында жүргөн. Анда унааны керектүү документтери жок башкарып бараткан 100 айдоочу жана мас абалында рулга отурган 70 киши кармалган. Патрулдук милиция кыргызстандыктарды жол эрежелерин сактоого чакырды. Евробиримдикте Россиянын активдери бөгөттөөдөн чыгарылып, кайра РФке кайтарылышын эч ким каалабайт. Бул тууралуу Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер биримдиктин саммити жыйынтыкталгандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчынын айтымында, ал каражаттарды Украинага келтирилген зыяндын ордун толуктоо үчүн колдонуну көздөп турушат.Мурдараак Politico гезити Евробиримдиктин россиялык активдерди конфискациялоо идеясына каршы чыккан де Вевер блоктун тарыхында жаңы драмалык бөлүктү баштаганын жазган.Белгилей кетсек, Европа комиссиясы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн Россиянын активдерин Киев үчүн колдонууга макулдук алууга аракет жасаган. Анда кеп насыя түрүндөгү 185 миллиард евродон 210 миллиард еврого чейинки сумма тууралуу болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/15/1098746843_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5d9941621f949f8bd82954f3538dce3c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио