Испанияда 31 жылдан бери бука биринчи жолу тореадорду өлтүрдү

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүКоррида. Архив
Коррида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнгө пландалган башка иш-чаралар токтотулган. Жекшемби күнү улана турчу иш-чара бир мүнөттүк аза күтүү менен башталат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Испанияда коррида учурунда жаалданган бука тореадорду өлтүрө сүзгөнүн РИА Новости EFE агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Флорида: эки жашар бөбөктү өлтүргөн крокодил жок кылынды
Бул каргаша 1985-жылдан бери матадор өлгөн алгачкы окуя. Ал Теруэл шаарындагы аренада болгон. Жаалданган бука 29 жаштагы Виктор Барриону мүйүзү менен челип, ал жерге жыгылып калганда үстүнөн дагы тебелеп кеткен. Тореадорду ооруканага алып келишкени менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Бул каргашалуу окуя 21-кылымда катталган коррида учурунда тореадордун алгачкы өлүмү. Буга чейинки окуя 1992-жылы катталган. Анда аренада эки бандерильеро (тореро, буканы узун таяк менен сайган кишилер) өлгөн.

Жүз жыл ичинде Испанияда корридага тийиштиги бар 134 киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0