Бишкекте отуруп алып эле баткендиктер жөнүндө эмнелерди гана айтпайбыз! Жалаң моджахеддер жашайт, эли нан менен чайдан башканы билбейт… Баткен районунун эки миң киши жашоочу бар Ак-Сай айылындагы турмуш жөнүндө дене тарбия мугалими жана жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Абдыразаков айтып берди.
— Биздикилер дайыма эле жылуу-жумшак жай издеп жүрөт. Бишкектен Москвага же Нью-Йоркко кетип жатышат. Сиз эмнеге айылыңыздан жок дегенде райондун борборуна көчүп кеткен эмессиз?
Менин болсо кетким келбейт, мекенимде калып деле өнүп-өрчүп кетериме ишенем. Бирок негизи башка аргам деле жок болчу, себеби ата-энемдин жалгыз уулумун да.
— Эмнеге мектеп мугалими болуп калдыңыз?
— Дайыма дене тарбия мугалими болсом деп эңсечүмүн. Дениң сак болот да! Ош университетине мугалимдикке тапшырып, кийин ушинтип иштеп калдым.
— Ак-Сайда дагы кандай жумуш бар?
— Негизинен биз айыл чарбасы менен алекпиз. Картошка, жүгөрү, анан албетте, атактуу Баткен өрүктөрүн өстүрөбүз. Бирок сатканга эмес, өзүбүзгө, жан багыш үчүн эле. Бизде, мисалы, Чүй облусундагыдай чоң-чоң жерлерибиз жок. Ар биринин кенедейден үлүшү эле бар.
Жергиликтүү эл акчаны негизинен Бишкекте же чет жакта иштеп жүргөн туугандарынан алат. Башка ала турган жери жок. Бизде жумушчу орун деген деги эле жок! Жаштар билим алалы, студент бололу деп ойлошпойт. Баарынын эле кайгысы — кантип Москвага барып, машинага же үйгө акча таап келүү.
— Жумушсуздуктан башка Ак-Сайда дагы эмне көйгөйлөр бар?
Экинчиден, жайкысын суунун айынан тажиктер менен чыр-чатак көбөйөт. Биз жер сугармак түгүл, суусун кана суу иче албай калган учур да болот.
— Бишкекти көрдүңүз беле?
— 12 жашымда биринчи жолу бир туугандарыма каникулга баргам. Бишкек менен айыл турмушунун ортосундагы айырма асман менен жердей экен! Анан калса, борбор калаада түрдүү улуттун элдери жашайт, бизде болсо кыргыздар эле да.
— Бишкекектиктер аймактарда эл нан менен чай ичип отурат деп ойлошот. Чын эле ошондойбу?
— Жок. Жакшы эле тамактанабыз: жашылча-жемишти жакшы көрөбүз, сүйгөн ашыбыз – палоо.
— Ичимдикчи?
— Бизде азыр эч ким арак ичпейт. Бир майрамда эле татып калышпаса… дегинкиси аракечтик, баңгилик деген жок. Бул исламдашууга байланышкан көрүнүш болсо кере, жаштар улам барган сайын динге көп берилип баратат. Биз баш-отубуз менен кирип кетип жаткан жерибиз жок, жөн гана Куран окуп, ислам тартиби боюнча жашоого аракет кылып жатабыз. Албетте, аракка катуу тыюу салынган. Айлыбызад үч мечит бар.
— Эки миң кишиге көп эмеспи?
— Жок, экөөнү өзүбүз ашар жолу менен салып алганбыз.
— Кыздар кандай кийинишет?
— Жеңи чолок көйнөк кийишпейт. Турмушка чыга электер сөзсүз колдорун жаап жүрүшөт. Келиндер жоолук салынып, халат кийишет. Бул бүгүн эле пайда боло калган жок, бизде жоолукту түшүрүшчү эмес.
— Түшүнүктүү. Айылда канча мектеп бар?
— Бирөө. Ал аябай кенен, жакшы. Бирок 1989-жылы курулган, азыр оңдоого муктаж. Бирок пайдаланганга болбойт деп айтууга негиз жок.
— Мектеп жашындагы балдардын баары окуйбу? Бир жерде иштесин деп балдарын окутпай койгон ата-энелер барбы?
— Жок, балдардын баары мектепке барат.
— Кийим, тамак-ашты кайдан сатып аласыңар?
— Бизде базар жок, азык-түлүктү дүкөндөн алабыз. Ал эми кийим үчүн Баткенге барыш керек, ал бизден 50 чакырым алыс.
— Сиздин оюңузча, айылдын абалын жакшыртса болобу?
Баарыбыз биргелешип, демөөрчүлөрдү таптык, техникалык тейлөө станциясын жана пилорама ачтык. Эми бизге Тажикстандан жыгач жеткиришип, биз аны тилип жатабыз. Бизнес азырынча чакан эле, бирок ал дагы өсөт деп ойлойм.
— Дагы кандай пландарыңар бар?
— Жемиш багын тиккенге жарактуу жерлер көп. Бул жумушсуздук көйгөйүн аз болсо да жеңилдетмек. Дагы акиташ чыгара турган өндүрүш ачсакпы дегенбиз, себеби айылга жакын жерде акиташ кени бар.
— Он жылдан кийин өз мекениңизди кандай элестетесиз?
— Чек ара маселелери, анан дагы жумушсуздук көйгөйү чечилип калат деген үмүттөмүн. Ошондо аксайлыктар өз балдары менен өз үйлөрүндө жашайт эле.