00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСпирттик ичимдиктер. Архив
Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук жайларда ичимдикке мас болгон адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоор жазылды. Кыргызстандын бир катар айылдарында бир нече жыл мурун эле дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбай калган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Депутаттар коомдук жайда спирт ичимдигин ичкендерге карата жазаны күчөтүүнү демилгелеп чыгышты. 

Мыйзам долбоорго ылайык, майда бейбаштык, коомдук жерлерде алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ошондой эле мас абалында жүргөндүгү үчүн айып пулду оорлотуу пландаштырылууда. Ошентип азыркы учурда белгиленген 100-300 сомдун чегиндеги административдик айыптын өлчөмүн 1000ден 3000 сомго чейин көбөйтүү сунушталып жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен ичимдик сатууга тыюу салынган аймактарды таап, айыл башчылары менен жергиликтүү тургундарынан төмөндөгү маалыматтарды алды. 

Көчөдө пиво ичип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коомдук жайда ичимдик ичкендерге жазаны күчөтүү демилгесинин деми канчалык?
1. Алай районуна караштуу Мурдаш айылы — бул айылда үч жыл мурда ичимдик сатууга тыюу салынган. Айылда уруш-жаңжал, мушташ көбөйгөндүктөн айыл аксакалдары чогулуп, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча маселени көтөрүп, айыл өкмөткө кайрылышкан. Натыйжада айыл башчылыгы тарабынан майрам күндөрү бардык дүкөндөргө ичимдик сатууга тыюу салынган. Ал эми коомдук жыйналыштын аксакалдары менен активисттери жалпы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бардык дүкөндөр ичимдик сатууну токтотушкан. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Исраиловдун айтымында, мындай иш-чарадан кийин ичимдикке берилгендердин саны кыйла азайып калган. 

2. Лейлек районуна караштуу Кулунду айылы — ичимдик сатууга үч жыл мурун тыюу салынса, бир жыл мурун иш аракет толугу менен өз максатына жетип, бир дагы жерде ичимдик сатылбай калган. Мындай демилгени айылдагы жаштар коому көтөрүп, аксакалдар аны колдоп беришкен. Учурда айылда жаштардын көңүлүн спортко буруу максатында 1970-1997-жылкы айыл тургундары өздөрү каражат чогултуп, айылдын чок ортосуна футбол ойноочу стадион курдуруп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургун Мухидин Абдурасулов билдирди. 

Ичимдик куюп жаткан бармен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдары ичимдик ичкен ата-энелерге айып салуу сунушталып жатат
3. Ноокат районуна караштуу Караке айылы — 2008-жылдан тарта тыюу салынган. Бирок ошентсе да ичимдик саткан дүкөндөр табылып турган. Мындай учурда аксакалдар уялта турган сөздөрдү айтып, тыйып турганын жергиликтүү жашоочу Дамирбек Нарматов билдирди. 

4. Ноокен районуна караштуу Киров айылы — айыл башчы Рахимжан Гапаровдун айтымында, спирт ичимдиктерине тыюу салуу боюнча коомдук чечим үч жыл мурун чыккан. Элдик жыйын өткөрүлгөндөн кийин айыл башы менен аксакалдар дүкөнчүлөрдүн үйүн кыдырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада учурда бир дагы дүкөндө арак сатылбайт. Керек болсо той-топурлар дагы ичимдиги жок эле өткөрүлүп калган. 

5. Алай районуна караштуу Гагарин айылы — бул айылда дагы үч жыл мурун ичимдик сатууга тыюу салынган. Бирок той-топурларда аз көлөмдө болсо дагы ичимдиктин түрлөрү коюлуп калган учурлар байкалып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0