БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Сейсмология институту 7-июлда Кыргызстандын Тажикстан жана Кытай менен чектешкен аймагында саат 16:41де борборунда күчү 3.5 баллга жеткен жер титирегенин билдирди. Очогу Нура айылынан 32 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү чек арага жакын аймактарда 3 баллга чейин сезилген.
Андан сырткары, жергиликтүү убакыт боюнча 00:29да кыргыз-кытай чек арасында да жер титиреген. Очогу Кытайдын аймагында, Нарын шаарынан 130 чакырым алыстыкта орун алып, күчү 4 баллга жеткен.
Кыргызстандын калк отурукташкан аймактарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү сезилген эмес.