Ордо калаабызда кайырчылардын саны илгертен эле арбын. Бирок жылдар өткөн сайын кайыр сурагандар көбөйүп, өң-келбети да өзгөрүп, арасында жаштардын саны өсүп жатканын байкоого болот. Негизинен буту-колунан майып, же сокур бечаралар чындап башка айла таба албай кайыр сураса, азыркылардын ден соолугу, акыл-эси кем экенине күмөн бар.
Бир нече жыл мурун Жаштар жана эмгек миграция министрлигинин калкты жумуш менен камсыздоо бөлүмүндө иштеп калдым. Жанагы Лев Толстой көчөсүндөгү шаардын эмгек биржасы да ушул министрликке караштуу. Милдетибизге биржага келип жумуш издегендерди каттоо жана колдон келсе билимине жана адистигине жараша ылайыктап жумушка орноштуруу дагы кирчү.
Кайырчылык көйгөйү көңүлдү дагы бир катуу ооруткан көрүнүшүнө кайра эле Бишкектин так ортосунан күбө болдум. Борбордогу жер алдындагы өтмөктөрдүн биринде жашы улгайып калган эже кышы-жайы бою кичинекей эки-үч жашар баласы менен отуруп кайыр сурайт. Баласы жанынан чыкпай сызда ойноп отурат. Бу жолкусунда журналисттик кесибиме байланыштуу эл арасында өлкөбүздүн социалдык абалы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп жүргөнбүз. Чак түштө ары-бери өтүп жаткан элдин ой-пикирин угуп жатканбыз. Өтмөктүн жанынан ошол эжени байкап калып, акырын сөзгө тартайын дедим. Жанымда оператор камерасы менен, менде микрофон. Эженин жанына басып келип маек кургуча болбой, эки-үч киши чуркап келип: "Эмне болду? Эмне тартып атасынар?! Силерге эмне керек? Бул оорукчан. Сүйлөй албайт. Тартканга болбойт! Кеткиле!" — деп бизди кубалай баштады. Мындайды күтпөгөн жаныбыз, "Кандайча болбойт? Сен өзүн кимсиң? Кайдан чыга калдың?" — деп суроо салдык. Аңгыча алардын бирөөсү: "Мен милийсада иштейм. Внештатникмин. Бул жакты мен карайм. Баары нормально", — деди. Бирок тастыктоочу документин көрсөткөн жок. Айтор, ошол жерден кер-мур айтышып, ызы-чууга түшүп калдык. Ары бери өткөндөр арачага түшүп жатып токтодук. Анан бери басып келе жатып түшүндүм. Көрсө булар дагы өзүнчө топ болуп, акча табуунун бир амалын өздөштүрүп алышкан экен. Эми алар кайыр сураган эже баш болуп өз жазасын алаар. Акыбалдын эң жаманы — жанагы бешиктен бели чыкпай жатып, жүзүкара улуулардын жеми болгон кичинекей балада болуп жатпайбы! Маселенин өзөгү анын уурдалган балалыгында жана сыздан кыйылган ден соолугунда.
Акыркы маалда коомчулукта балдарга болгон зордук-зомбулукту токтотуш керек деп кыйкырбаган мойну жар бербеген жалкоо гана калды окшойт. А эмне, кичинекей баланы оюнчуктай колдонуп, өмүрүн тобокелге салып кайырчылык бизнесин аркалаган зордуктоо же болбосо зомбулук эмеспи?! Көрмөксөн болгонубуз — акмакчылык, туурабы?
Эми сөз аягында, бул оюмду айтып жаткан себебим, кайыр сурагандарды сындоо, же болбосо басынтуу эмес. Болгону көргөндү, байкаганды айтып, көйгөйдү оңунан коюп, маселени чечүү. Албетте, кайыр суроо бизде мыйзам менен чектелбеши мүмкүн. Бирок коомдо саны күндөн күнгө өсүп, биз көрбөгөн, ойлобогон жанагы өтмөктөгүдөй "эргулдар" кызыкчылык арттырып көмүскө бизнес кылып жаткандары — көйгөйдүн тамыры тереңде экенинен кабар берет. Андыктан көйгөй чечилбей, чын эле кайырчылыкпы же бизнеспи, айтор белгисиз болуп, ачык бойдон калууда.